www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким эле өз жанынан өзү аясын. Врачтарга көрүнгөнү барган соң, дабагерлер өз капчыгын ойлошуп, өз пациенттерине өз дарыканаларынан кымбат дары-дармектерди алууга аргасыз кылышат. Айласы жок оорулуулар дары-дармектерди алышат.

КСДП парламенттик фракциясы КР саламаттык сактоо тутумунун учурдагы абалы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, саламаттык сактоо чөйрөсүндө өткөрүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат, алынган кредиттик жана гранттык каражаттардын жумшалышы жөнүндө маселени талкуулашты. Жыйын жүрүшүндө депутат Чыныбай Турсунбеков саламаттыкты сактоо секторун реформалоодогу айрым бир жетишкендиктерге карабастан, бир катар көйгөйлөр, анын ичинде, дары-дармек рыногун мамлекеттин жөнгө салуусуна байланыштуу көйгөйлөр чечилбеген бойдон келе жатканына токтолду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда дарылар өтө кымбат сатылууда. Ал: «Медикаменттердин карапайым элге жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн атайын салыктык жана бажылык жеӊилдиктер каралган. Бирок мындай шарттарга карабастан дарылардын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе жогору болууда. Бул эмнеге байланыштуу?»,- деп, маселени кабыргасынан койду.

КР Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дары-дармектердин баасына товарларды түз алып келүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, валюталык солкулук, ошондой эле бааларды жөнгө салуу механизмдеринин дыкат иштелип чыкпагандыгы сыяктуу факторлор таасир этип жаткандыгын билдирди. Депутат Турсунбеков КР Өкмөтүн саясый эрктүүлүктү көрсөтүп, дары-дармек каражаттарынын бааларынын жөнү жок эле өсүп жатканын токтотууга чакырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости