www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумуна дагы катышкан жок.

Бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуу отуруму улантылды. Бул отурумга да Атамбаев келүүдөн баш тарткан.

Эми аны сотко мажбурлоо менен гана алып баруу калды окшойт. Мурунку президент УКМКнын СИЗОсунда да таштарды чогултуп, баррикада кылып албады бекен деген ой кетет экен. Ошондо дагы атайын операция болобу?..

Эске салсак, Азиз Батукаев өлгөнү калды деп 2013-жылы бошоп кетип, азыркыга чейин өлбөй жүрөт. Бул кезинде чоң чуу жараткан менен эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Ушул жылдын апрель айында бул иш кайрадан жанданган. Атамбаев негизги айыпталуучу катары саналып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости