www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо, сот органдарынын ишине таң калып бүтө албайсың. Аларда, “Пара алып, анын пайызын бөлүшсөң кутуласың, бербей койсоң ак болсоң да тутуласың” деген саясат башкы негиз болуп алгандай.

Буга бир эле мисал, мурдагы Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов кечээ жакында Бишкек шаардык сот тарабынан 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөй турган болуп кутулуп кетти. Болбосо ага карата 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечими чыккан эле.

Мындан улам коомчулук арасында нааразы пикирлер күч алып келет. Арасында аттуу-баштуу саясатчылар, мурдагы чиновниктер кырдаалды башка жакка, тагыраагы учурдагы бийликке каршы бургусу келгендер дагы байкалууда.

Эске сала кетсек, Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Ал автоунааларды каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөнүн УКМК билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Алмаматов автомектептерден акча алып турчу. Ал тургай атайын видеотасманы да жарыялашкан.

Андан сырткары, Алмаматов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча чуулгандуу кылмыш ишинде дагы негизги күбө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости