www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турганбаевди кантип тосуп алышты?

Бүгүн, 14-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамы, күйөрмандар жана журналисттер Мелис Турганбаевди тосуп алышты.

Аны бүгүн эрте менен “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Эске салсак, 11-октябрда мурдагы ИИМ министри, учурдагы ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда 55-59 жаштагылар арасында алтын медалды утуп, биринчиликти камсыз кылды. Ал эркин күрөш боюнча атаандаштарынын бирин калтырбай таш-талканын чыгарып, чечүүчү беттеште АКШлык Жорж Брэдлиге эч мүмкүнчүлүк берген жок. Ошентип, Кыргызстандын өкүлү дүйнө биринчилигинде биринчиликти алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости