www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы "Жаратман" коомдук уюмунун мүчөсү, Нурмухамед Кудаяров адамдардын пейилинин начарлашы жаратылыш кырсыктарын алып келе тургандыгын айтты. Кызыктуу маекти төмөндө толугу менен окуй аласыздар: 

— Саламатсызбы, "Жаратман" коомдук уюмунун Кыргызстанда орду жана аракети кандай? 

— "Жаратман коомдук" уюму Кыргызстанда 3 жылдан бери иштеп жатат. Негизи алты жылга чукулдап калды. Аталган уюм, дүйнө жүзүндө 180 өлкөдө иштеп жатат. Негизги максаты жаратылыш менен адам өмүрүнүн коомдогу жана жашоодогу ордун түшүнө билүү. Алсак, "Жаратман коомдун"  сегиз эрежесин баардык адамдарга жеткирүү керек болуп жатат.

Адам — коомдун негизги бирдиги болуп саналат. Адамзат — бир чоң үй-бүлө.

1. Адам жашоосу

Адам өмүрү эң жогорку баалуулук. Ар бир адамдын өмүрү өзүнүн өмүрүндөй корголушу керек. Коомдун максаты — ар бир Адамдын жашоосунун баалуулугун камсыз кылуу жана кепилдөө. Адамдын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок жана болушу мүмкүн эмес. Бир адам баалуу болсо, анда бардык адамдар баалуу!

2. Адамдын эркиндиги

Ар бир адам төрөлгөндөн баштап Адам болуу укугуна ээ. Бардык адамдар эркин жана бирдей төрөлүшөт. Ар бир адам тандоого укуктуу. Жер бетинде эч ким жана эч нерсе Адамдан, анын эркиндигинен жана укуктарынан жогору боло албайт. Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.

3. Адам коопсуздугу

Коомдо эч ким жана эч нерсе Адамдын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч келтирүүгө укугу жок!

Ар бир Адамга турмуш-тиричиликтин негизги керектөөлөрү, анын ичинде тамак-аш, турак-жай, медициналык жактан тейлөө, билим алуу жана толук социалдык камсыздоо кепилденет.

Коомдун илимий, өндүрүштүк жана технологиялык ишмердүүлүгү адамдын жашоосунун сапатын жакшыртууга гана багытталышы керек.

Кепилденген экономикалык туруктуулук: инфляциянын жана кризистин жоктугу, дүйнө жүзү боюнча туруктуу жана бирдей баа, бирдиктүү валюта, белгиленген минималдуу салык же анын такыр жоктугу.

Адамдын жана коомдун ар кандай коркунучтардан коопсуздугу бирдиктүү глобалдык өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматы тарабынан камсыз кылынат.

4. Баары үчүн маалыматтын айкындыгы жана ачыктыгы

Ар бир адам мамлекеттик каражаттардын кыймылы жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө так маалымат алууга укуктуу. Ар бир адам коомдун чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө маалыматка ээ.

Массалык маалымат каражаттары коомчулукка гана таандык жана маалыматты таза, ачык жана чынчыл чагылдырат.

5. Жаратмандык идеология

Идеология адамдык мыкты сапаттарды жайылтууга, Адамга каршы багытталган нерселердин бардыгын басууга багытталышы керек. Негизги приоритет — адамгерчиликтин, Адамдын бийик руханий-адептик умтулууларынын, адамкерчиликтин, абийирдүүлүктүн, бири-бирин сыйлоонун жана достукту чыңдоонун артыкчылыктары.

Баш тамга менен Адамды өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү, ар бир адамда жана коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды тарбиялоо.

Зордук-зомбулукту пропагандалоого тыюу салуу, ар кандай түрдөгү бөлүнүүнүн, агрессиянын, адамгерчилике каршы көрүнүштөрүн айыптоо.

6. Инсандык өнүгүү

Жаратман коомдо ар бир адам ар тараптуу өнүгүүгө жана өзүн-өзү ишке ашырууга укуктуу.

Билим акысыз жана баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек. Адамдын өзүнүн чыгармачылык жөндөмүн жана талантын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

7. Адилеттик жана Теңдик

Бардык жаратылыш ресурстары Адамга таандык жана бардык адамдар арасында адилеттүү бөлүштүрүлгөн. Ресурстарды монополиялаштырууга жана аларды ысраптуу пайдаланууга жол берилбейт. Бул ресурстар бүт жер шарынын тургундарынын ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлөт

Адамдын каалоосу менен жумушка орношуу кепилденет. Бирдей кызматка, адистикке, кесипке акы төлөө дүйнө жүзү боюнча бирдей болушу керек.

Ар бир адам жеке менчикке жана коом тарабынан белгиленген жеке капиталдаштыруунун өлчөмүнүн чегинде киреше алууга укуктуу.

8. Өзүн-өзү башкаруу коому

Жаратман коомдо «бийлик» деген түшүнүк жок, анткени бүтүндөй коом, анын өнүгүшү, жашоо шарттары жана гармониялуу түзүлүшүнүн жоопкерчилиги ар бир Адамда.

Ар бир адам Жаратман коомдун иштерин башкарууга жана адамдын жашоосун жакшыртуу үчүн мыйзамдарды кабыл алууга катышууга укуктуу.

Адамдын жашоосунун сапатынын өзгөрүшүнө таасир этүүчү социалдык маанилүү, экономикалык маселелерди чечүү бүткүл элдик талкууга жана добуш берүүгө (референдумга) коюлат.

— Жер планетасында жашаган адамдардын алдында бир гана суроо калды: муну эң кыска мөөнөттө кантип ишке ашыруу керек?

— Ар бир адамга мен айткан маалыматты жеткирип коюш керек. Адамдар биз ойлогон өзгөчө, жакшы жашоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мисалы Саясат азыркыдай кысымдын жана агрессиянын куралы болбой, чындыгында эл аралык байланыштын жана биригүүнүн куралы болуп калууга, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө тийиш.  Адамзат үй-бүлөөсүнүн кызыкчылыгына эмес, бизге каршы иштеген мыйзамдарды кабыл алышат. Натыйжада биздин жашоо шартыбыз тынымсыз оорлоп баратат. Андыктан биз баарыбыз бири-бирибизге бир туугандай карашыбыз керек. Анткени жашоого бир эле жолу келебиз. Биз өмүрдү сүйүү менен карашыбыз керек. Биз чирий турган тармакка киребиз. Андыктан алакандай калкыбыз, бири-бирибизге жакшылыкты, сүйүүнү аяп жатканыбыз туура эмес. 

— "Жаратман коомдун" акыр заман тууралуу пикири кандай? 

— Менин жеке оюм, эгер биз "акыр заманды" көрө турган болсок ал өзүбүздүн кадамыбызга жана ниетибизге жараша. Кыргыздар ниетиңе жараша деп коюшат го. Ошондуктан "акыр заман" деген сөздү биз өзүбүз тандап алып атабыз. 

— Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсү кандай болот? 

— Климаттын өзгөрүүсү башталды, баарыңар көрүп турасыңар. Эгерде ушундай адамзатка Кудай жаратылыш кырсыктарын көрсөтүп турса дагы бири-бирибизге мээрим көрсөтө албасак, анда биз дагы деле чоңоё элекпиз. Эгер биз биримдикке же ынтымакка келе турган болсок кырсыктар, күн сайын, ай сайын күчөй берет. Кырсыктар боло берсе күчтүү мамлекет дагы эч кимге эч кандай жардам бере албайт. 

— Эмне кылыш керек анда? 

— Эң башкысы, бир гана жол "Жаратман коом" куруу керек. "Бейиш эненин таманынын астында дегендей", Бейиштин жолун сиз, мен жана адамзат өзү тандап алат. Андыктан жалпы кыргыз элин, саясат жолун эмес, бири-бирин сүйүүгө, ынтымакка чакырамын. Ар бир жаран менин айткан сөзүмдү катардагы сөз катары кабыл албай, өзгөрүүнү өзүнөн башташ керек. Анткени баарыбыз бул дүйнөдө чирип жок болуп кетүүчү затпыз. Ниетти түз кылып, бир-бирибизге бир туугандай болгон сүйүү сезимди ойготолу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости