www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын алгачкы президенти Нурсултан Назарбаев "Штрихи к портрету. Откровение" даректүү тасмасында кесиптештери берген эсте калган белектер тууралуу айтып берди.
Видеону Елбасынын маалымат кызматынын YouTube каналы чыгарды.
"Батышта белек беришпейт. Мен аны билбей Клинтонго (Билл Клинтон — АКШнын мурдагы президенти) анын сүрөтү түшүрүлгөн килем алып баргам. Дубалга илет го дегем, кийин кабыл алуучу жайына барсам жерге салып коюшуптур. Биз андайга жол бермек эмеспиз да. Совет маалындагы мамлекеттер белек бергенди жакшы көрөт. Мисалы, Бердымухамедов (Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов) ахалтекин атын, өзбектер кийим менен буюмдарды, кыргыздар дагы аргымак тартуулашат", — деген Назарбаев.
Ал, ошондой эле, казак эли да башка кесиптештерине жаккан белек бергенге аракет кылаарын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg