www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде – оң колдуу машинелерди алып келүүгө кайрадан уруксат берүү үчүн кыймылдар башталды. Алар арзаныраак түшөт экен, ал эми 2008чи, андан соң 2015-жылы киргизилген тыюу жол коопсуздугун эч деле жакшырткан жок имиш.

Айрым аналитиктер бул тыюуларды – жөн гана эки башка соодагерлер тобунун күрөшүнөн көрөт жана Европадан автó импорттоп келгендердин лоббиси жеңип кеткен дейт. Ал эми өлкөдөгү жолдун баары жана жол эрежелери толугу менен сол кол машинелер үчүн түзүлгөнүн жана мындай абалда машиненин оң жагында отурган айдоочу өзүн өтө ыңгайсыз сезээрин андай аналитиктер көзгө илбейт.

Андай болсо, кат жазганда дагы солдон оңго дагы, оңдон солго жазууга да уруксат берели, сабаттуулук деңгээли түшүп деле кетпейт, анткени ким болбосун солдон оңго дагы, оңдон солго да жазып-окуганды ылдам эле үйрөнүп алса болот. Андан соң билим берүү менен саламаттык сактоону таптакыр жоюп салса деле болот – оорукана же мектептери жок бабаларыбыз бир кезде каганат деле курбады беле.

Последние новости