www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тасмада байкалгандай адам сөөктөрүн бирден казып алып чыгарып жатышат. бул денелердин көмүлгөнүнө 7 жыл болгон.

Москва шаарынын четиндеги дөңсөөдө табылган бул сөөктөрдү казуу иши 12 күнгө созулуп, жалпысынан 2 миң чарчы келген аянт 10 метр тереңдикке чейин чукулган. Издөө иштери өз натыйжасын берип, жыйынтыгында 4 метр тереңдиктен сөөктөр табылган. Анын экөөсүнүн баш сөөктөрүндө октун калдыктары байкалганы РФ ИИМинин атайын маалыматында айтылат.

Айтылган маалыматтарга караганда, табылган сөөктөр 2012-жылы өлтүрүлгөн, Раменск райондук депутаты жана "Племзавод Раменское" компаниясынын башкы башкаруучусу 53 жаштагы Татьяна Сидорова жана анын күйөөсү, баласы ошондой эле сиңдисиники болуп чыккан.

Үй-бүлөөнү өлтүргөн деп “Шишкан” каймана аттуу жергиликтүү кримтөбөл, “мыйзамдагы ууру” Олег Шишканов жана анын тарапташтары күнөөлөнүүдө. Шишкановго киши өлтүрүүдөн сырткары “Кылмыштуу иерархияда жогорку даражаны ээлөө” беренеси менен да кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости