www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири – бул шайлоодогу 9 пайыздык тосмо болууда. Тактап айтсак, парламенттик шайлоого катышкан партиялардын кимиси 9 пайыздык чекке жете албаса, демек ал парламент сыртында калат. Бул мыйзам мурдагы президенттин убагында эле кабыл алынган болчу. Азыркы тапта ошол тосмону 3, 5 же 7 пайызга түшүрүү керек деген ар кыл пикирлер айтылууда. Көбүнесе, 3%, 5% дегенди айткандар болууда.

Негизи эле 9 пайыздык тосмого каршы чыгып жаткандар кимдер болуп жатканын байкап көрбөйлүбү? Баягы эле бардык шайлоолордон жеңилип келаткан Адахан Мадумаров, парламентке эптеп-септеп илинип келген «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө.Текебаев, «Республика» партиясынын аргасы куруп калганын түшүнүп турган М.Жээнчороев, жаштыгына карабай популист болуп алган Ж.Акаев сыяктуулар. Булар башка партиялар үчүн чоочуркап жаткан жери жок, алар өздөрү парламентке келбей калышы мүмкүн экендигинен чоочуркап турушат.

Эми анализдеп көрөлү, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого 1 миллион 700 миң шайлоочу катышкан экен. Эгерде биз 9 пайыздык тосмону 3 пайызга түшүрө турган болсок, анда 50 миң адамдын добушун алган эле партия парламентке келе ала турган болот. Ошондо биз парламентте бери жагы 15-20 партиянын өкүлдөрүн көрүп калабыз. Анан алар бири-бири менен ыркырашып-чыркырашып отурганын элестете бериңиз.

Ал эми 5 пайыздык чекке токтоло турган болсок, анда 80-90 миң адамдын добушу бир партияны парламентке оңой эле өткөрүп коет. Анда аз дегенде парламентке он партия кирип кетет. Парламентке 5-6 партия келгенде эле өкмөт жылына алмаша берип, иш жүрбөй турганын көрүп жатабыз. Анан 10 партия келгенде өкмөт 2-3 айда алмаша турган болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан 9 пайыздык тосмо эң туура жасалган кадам болуп турат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымат булактарынын бирине төмөнкүдөй пикирин айтыптыр: «Партиянын биринчи ондугунда кимдер болот? Чынын айтканда, биринчи ондукта ким шайлоого карата партияга акча салса, ошолор болушу мүмкүн да. Себеби, шайлоо акча каражатын өтө көп талап кылат. Анткени, жарнама көп бериш керек. Элдин азыр аң-сезими өсүп жатат, партиянын программасын көргүсү келип жатат, кимдер баратканын билгиси келет. Эгер рекламаны көбүрөөк жасабасаң, алар сени тааныбай калышы мүмкүн. Андыктан акча каражаты көбүрөөк талап кылынат. Азыр өсүп келаткан жаш саясатчылар, деги эле бардык саясатчылар бири-бири менен сүйлөшүп биригиши керек. Ошондо алар 9 пайыздык тосмодон өтө алышат. Ошондо адистиги жогору, профессионал адамдар парламентке келишине жол ачылат деген ойдомун», - дейт ал.

Туура, эгерде 3 пайыздык тосмо кыла турган болсок, анан парламентке 15-20 партия келсе, ал партиялардын ар биринин биринчи ондугунда Төрөбаев айткандай акчалуулар болсо, ошондо парламентти жалаң байлар гана каптап кеткен болуп калат. Ал эми 9 пайыздык чек болсо, ошол партияларды ирилештирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондо парламентке 3-4 гана партия келиши мүмкүн. Ошондо өкмөт да туруктуу түзүлөт, туруктуу иштейт. Туруктуулук болгон жерде өнүгүү болот. Андыктан 9 пайыздык тосмодон коркуунун кереги жок. Андан Мадумаровго окшогон популисттер корко берсин, бирок шайлоочулардын корко турган негизи жок. Тескерисинче жалаң иргелгендер гана Жогорку Кеңештин депутаты болуп, элдин кызыкчылыгына иштей башташат деген үмүттөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости