www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө коомчулукта Арстан Алайга карата "Кудай болом" дегени үчүн кылмыш иши козголгондугу айтылып жатат. Бул теманы өзөк кылып кайра эле анын тарапташтары алып чыгып, ызы-чуу чыгарууга белсенүүдө. А чындыгында, Арстан Алайга башка диндерге асылгандыгы, улут аралык, дин аралык касташууга жасаган чакырыктары үчүн айып тагылууда. Дал ушундай тейде коомду бөлүп-жарып жаткандыгынан улам анын акыл-эси ордундабы-жокпу, текшерилиш керек, ошондой эле ага укуктук баа берилүүгө тийиш. Анын чагымчылдыгын "Фейсбукта" Канат Мидин уулу туура жазыптыр, анын пикирин окурманга тартуу кылабыз:
- "Зима не будет" менен таанымал болгон Арстанбек Абдылдаевге козголгон кылмыш иши тууралуу акыр аягына чейин жазууну каалабадым. Эмнеге жазгым келбеди? Мен үчүн ден соолугунан жабыр тартып, акылы кирди-чыкты болгон киши менен эмнегедир талкуулап, пикир билдирүү мааниге ээ эмес.
Бирок бул жерде билимдүү жана мен сыйлаган адамдар (юристтер, укук коргоочулар ж.б.) бул кишини коргоого алып, маселени башка жакка жетелеп, айрым учурда саясий боёк берүүгө өтүштү. Кээ бирлери муну сөз эркиндигине, эркин дин ишенимине басым, ал тургай башкаларга эскертүү катары кабыл алышты.
Алардын аргументи эмнеде, алар келтирген жүйөөдө, өзү айткандай, Арстан Алай, а паспортунда менимче Абдылдаев болсо керек - ал өзүн персоналдаштырылган Кудай деген эмес, анын айтканы болгону авраам ишенимдегилер (Иудаизм, Христианство, Ислам) түшүнгөн бирдиктүү негиз, кайсы бир бирдиктүү руханий же энергетикалык субстанция жана анын түшүнүгүндө так ушул Кудай жана ал анын дене түзүлүшү имиш. Кээ бир динде Кудайды ушундай деп таанышат, бул жерде кандай маселе бар деген суроо да коюшкан алар. Мындай түшүнүктө дээрлик бардык адамдар бул бирдиктүү субстанциянын бөлүгү, динге берилгендердин ишенимдерин ким мазактап жана диндер аралык келишпестикти ким жаратып жатат? Мунун баары эркиндикке, анын катарында диний ишенимдин эркин болушуна басым болуп жатпайбы дешти алар.
Эмнеге алардын аргументтери ылайыксыз, ал анткени өзүнүн ишенимдери жөнүндө жөн гана айтып койгон жок, ал бүт өлкөгө телеканал аркылуу үзгүлтүксүз чыгып, өлкөнүн 80 пайыз калкы ишенген Кудай карыганын, ал эми өзү жаңы чечим экенин, жердеги баары сыйынып, ишенген Кудайды алмаштыруучу экенин айтты. Ошондой эле анын пикиринде мусулмандар жана алардын жол көрсөтүүчүлөрү болбогон кепти айтышат, ал көбүнчө шылдың менен коштолот, кыргыз улуттук окшоштугун кыргыз диний мусулман окшоштугуна каршы коюп жатат.
Эгер бул сиздер үчүн динге берилгендердин ишенимин шылдыңдоо болбосо жана диндер аралык ажырымды жаратпаса, анда мен сиздердин тунук акыл-эсиңер, калыстыгыңар кайда экенин билбейм.
Баса, өзгөчө ал өзүн Иисуска иш жүзүндө теңөө менен христиандардын диний ишенимин мазактап жатпайбы, айрым христиандардын түшүнүгүндө так ошол ипостась, бирдиктүү Кудайдын денеси эмес беле.
Адамдын укугу экинчи адамдын укугу башталган жерден бүтөт, эркиндик бул - "баарын жасай берсе болот" дегендик эмес, эркиндик бул кабыл алынган мыйзамдардын чегинде жана аларды бузуудагы жоопкерчиликти ала жүрүү болуп саналат.
Динге берилгендердин ишенимин ачык жана ырааттуу түрдө шылдыңдоо бул сөз эркиндиги эмес жана диний ишенимдин эркиндигине эч кандай байланышы жок. Адам мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керек. Мамкомиссия эчак эле, мыйзам бузулаары менен кишиге эскертүү бериши керек болчу. Анын тарапташтарынын саясий талап менен митингге чыгышын кутпөй эле.
Биздин коомчулукта кандай болбосун сабырдуулук бар, андыктан кандайдыр бир кагылышуусуз баары жайына келди деш керекпи,-деп "Майдан kg" гезити Арстан Алай тууралуу жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg