www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушу тапта коруктардын жетекчилиги жердин баарын коруп алып, жергиликтүү тургундарды ал жерге киргизбей жатат. Ал эми корук башчылары туристтер менен аңчылыктан түшкөн каражатты өздөрү каалагандай пайдаланууда. Кыскасы, мамлекетке жарытылуу каражат түшпөй калды.

Доӊуздарды атууга тыюу салуу маселеси парламентте көтөрүлдү. Депутат Тынчтык Шайназаров мыйзам долбоору кырктан ашуун депутаттын демилгеси менен сунушталып жатканын эске салып, эгер Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчилигин өздөрүнүн түздөн-түз милдетин аткаргысы келбесе, айрым сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды коргоо аракеттерине каршы болушса, өз кызмат орундарын тапшырып берүүгө чакырды.

Депутат Эмил Токтошев «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда муну билдирди: “Мисалы, 2017-жылы аңчылык чарбаларынан 671 млн сом гана түшүптүр. Анан, албетте, өз билгенин жасап көнгөн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги мыйзам долбооруна каршы болот да. Мындай абалга нааразы болгон жергиликтүү калк андай абалдын баары мыйзам жолуна салынышы керектигине ынанып турган убагы. Азыр жапайы жаныбарлардын 5 түрүнө гана аңчылык кылууга тыюу салуу демилгеси сунушталууда, калгандарына аңчылык кылса болот”, - деди ал.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. “Мыйзам кабыл алынып калса, агенттикке кошумча иш-милдеттер жүктөлөт. Анан аны аткаруу алкагында кошумча техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, жаңы жумушчу орундарын ачуу үчүн кошумча каражат талап кылынат. Ошондуктан, биз буга азырынча даяр эмеспиз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан тарта Кыргызстандын аймагында төмөнкү жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз. Тыюу салуу мөөнөтү – 10 жыл же мораторий 2030-жылга чейин созулууга тийиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,

NazarNews.kg

Последние новости