www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата...

Иш сапардын алкагында Чүй райондук, Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып, кесиптештерибиздин иштерин чагылдырууну максат кылып жүргөнбүз. Токмок ШИИБге келсек шымынын кырын  чыгара  үтүктөп, формасын чыкыйта кийишкен төрт кызматкер-биздин каармандарыбыз күтүп турушуптур. Учурашып ал-жай сурашып калдык. Алардын арасындагы узун бойлуу ак саргыл лейтенант жигит көзүмө жылуу учурады негедир. Күлүмсүрөй караган лейтенант менин бүшүркөп турганымдын байкады окшойт, “Эжеке, мен Русланмын...” деп калды. Эстедим. Милициянын ага сержанты Руслан Орозбаков экөөбүз алгачкы жолу мындан туура 5 жыл илгери, 2014-жылы  ал “Өз кесибинин мыктысы” наамына ээ болгондо жолуккан экенбиз. Руслан бүгүн милициянын лейтенанты, Токмок ШИИБнын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү.

Чоң мектептен тажрыйба алып, такшалган  

...Ооба, Руслан ал кезде ага сержант болчу. Кайгуул-күзөт кызматынын милиционери кезинде көптөгөн жетишкендиктерге ээ болуп, жылдын жыйынтыгы менен  “Өз кесибинин мыктысы” наамына арзыган эле. Андан бери далай суулар агып, Руслан баягыдай эле эл кызматында, өз милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарып келе жатыптыр. Мыкты кызматкер катары  жетекчиликтин сунушу менен минтип биздин журналдын каарманы болууга арзып олтурат...

Руслан Орозбаков ички иштер органдарындагы эмгек жолун 2010-жылы Чүй ОИИББнын Кайгуул-күзөт кызматынан баштаган. Негизи эле милицияга кирүүнү каалагандар дал ушул кызмат аркылуу эмгек жолдорун баштаса, биринчи кезекте өздөрү үчүн жакшы болорун  угуп-көрүп эле жүрбөйбүзбү. Айтайын дегеним кайгуул-күзөт кызматы эл менен тыгыз байланышта иштеген, милициянын жүзү болгон кызмат. Дал мына ушул кызматтан өзүн сынап көрүп, иштин сырларын өздөштүрүп алган кызматкерлер милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, ыкчам кызматкер ж.б. болуп ишти шыр алып кеткени турмуш чындыгы. Кайгуул-күзөт кызматынан эмгек жолун баштап, кызматтык бийик тепкичтерге көтөрүлгөн канчалаган жетекчилерден интервьюларды алганым  да жогоруда айтылгандарга күбө...

Эс-учун жоготкон аял. Уланган өмүр

Бир эле күнүмдүк милдетин аткарып жүрө бербей, өз кезегинде билимин, билгенин кеңейтип туруу зарыл экени тууралуу ой бөлүштү каарманым кеп арасында. Мисалы, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү милициянын аймактык өкүлдөрү беш колундай билиши керектигин  Руслан Орозбаковдун жакында эле башынан өткөргөн окуясы далилдеп турат. Бир күнү чакыруу түшүп, белгиленген жерге келген Р.Орозбаковго эч ким эшик ачпаптыр. “Аталган дарекке келсем эч ким эшикти ачпады, анан бизге чакыруу жөнөткөн адам менен бирге айнек аркылуу батирге кирдик. Карасак үй кожейкеси ашканадагы полдо эс-учу жок жатыптыр. Тамырын кармап көрсөм соккону деле билинбейт, аялдын дем алуусу жокко эсе экен. Аялдын толук кандуу дем алышына  бир нерсе жолтоо болуп жаткандай, ошол замат анын бетин жууп, оозун ачып карадык. Көрсө аялдын тамагына тишиндеги протези тыгылып, дем алуусуна тоскоолдук жаратып жаткан экен. Ал протезди алып чыккандан кийин аял өзүнө келип дем ала баштады, көп узабай тез жардам да келип, аялды ооруканага алып кетти. Жакында ал аялдын балдары Россиядан келип, терең ыраазычылык билдирип, рахматын айтып кетишти”,-дейт өмүргө арачы болгон милициянын  лейтенанты...

Сылык мамиле сый чакырат...

Жогоруда айтылган учурлар милициянын аткарган ишине жарандар тарабынан оң баа берилишине, анын аброю өсүшүнө шарт түзөрүн айткан милициянын лейтенанты,  өзү кимдир-бирөөлөрдүн керегине жарап келе жатканына жүрөгү жылыганын айтат. Андан ары милиция менен элдин ортосундагы карым-катнаш.  мамиле тууралуу кеп кылып калдык. Руслан көпчүлүк учурда  милиция жарандарга кандай мамиле жасаса, ошондой жооп ала турганын айтат. “Жаран менен милициянын биринчи болгон мамилесинде, сүйлөшүүсүндө анын ички дүйнөсүн, анын ой-максатын, анын кийинки кадамдарын  аныктаса болот,-дейт бул тууралуу маектешим,- сый-урмат  көрсөтүп мага кайрылган жарандарды көргөндө туура жолдо баратканымды сезем. Эң негизгиси ар бирибиз эл менен мамиле түзүүдө сылык болушубуз зарыл. Ошол эле убакта кандайдыр бир ишке кириптер болуп, дүйнөсү караңгылап турган жаранга милиция психологиялык жардам көрсөтүп, жашоо ушул нерсе менен эле чектелип калбаганын түшүндүрүү керек...”

"Биринчи кезекте өз ишибиздин фанаты болсок..."

Милицияга түрдүү жолдор менен келгендер бар эмеспи: бирөөлөр бул кесипти сүйүп келсе, экинчилер түзүлгөн кырдаал аркылуу ж.б. дегендей. Руслан  болсо формачандарга суктанып, сыймыктанып жүрүп милицияга келиптир. “Милицияга түрдүү ой-максаттарын жүзөгө ашырууну каалаган жарандар келет, айрымдары алсыз келип, мүмкүн ийниндеги погондорун пайдалангысы келет. Бирок бул кесипти тандап, ыйык форманы кийгенден кийин, өзүңдүн наамыңа, кийген формаңа татыктуу болушуң керек. Сага кандайдыр мамилелерди жөнгө салуу укугун бердиби, сен ал укугуңду мыйзам чегинде пайдаланып, өз амбицияңды көзөмөлдөп. эмоцияга алдырбашың зарыл. Бизге тагдыр офицер болуп элибизге кызмат өтөөнү буйрудубу, биз ал жолду татыктуу басып өтүшүбүз керек. Биринчи кезекте биз өз ишибиздин фанаты, анан патриот болсок, талбаган түйшүк сөзсүз түрдө өз жемишин берет. Мына ошондо биз белгиленген бийиктикти багындырып, көздөгөнүбүзгө жетебиз...”-дейт милициянын лейтенанты Р.Орозбаков.

Автор: Ырысбүбү Сагымбаева

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости