www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

(Уландысы)

Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр деген жомок. Каталониядагы сепаратисттерден улам Кыргызстандагы сепаратисттерди салыштырып жатабыз.  

Байыркы римдик саясий ишмер Марк Порций Катон (Улуу) (б.з.ч 234-149-жж жашаган) Римдин сенатында ар бир сүйлөгөн сөзүн: «Карфагенди күм-жам кылыш керек» -деп аяктоочу экен. Анын көзү өтөөр менен римдик аскер башчы Сципион (Кенже) (б.з.ч 185-129 жж жашаган) б.з.ч. 149-жылы Карфагенди жер менен жексен кылган. Карфаген өзү жок болсо да даңкы миң жылдап тарыхта келатат. Аны менен жашташ Ошту ала топучан «гангстерлер» таш-талканын чыгаргысы келди. Арийне, кыргыз мамлекети Ошту бутунан тургузду. Аны көрө албаган Кадыржон, Иномжонго окшогон журт бузарлар кыргыздарды жаманатты кылып Кыргызстандан жыйнап алган байлыгына ар кандай ушактарды таратып, кыргыз элине жалаа жаап атышат. «Ичкен кудугуңа түкүрбө» дейт, Акаевдин учурунда май-талканды ушул кыргыз жеринен сугунушкан канкорлор урушту өздөрү баштап коюшуп, бет тырмаарлык кылып, кыргыздарга түртө салып турганына баракелде.

 Тарыхты тапанча менен атпагыла

Кильюнендин жыландын башын кылтыйткан отчетунда Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр. Эгерде дешти-кыпчактын түрктөрү азыркы Өзбекстанга 600 жыл мурун ооп келип, ал эми өзбек деген ысымды токсон боолуу ала топучандарга Иосиф Сталин азан чакырып токсон жыл мурун, совет бийлигинин учурунда койсо,  3000 жылдан бери Ошто кимдер жашап келишкен деген суроо туулат. Россиялык империянын тушундагы эл каттоо боюнча Ошто он миңдеген кыргыздар менен бирге, ошого тете сарттар жашап келишкен экен. Сарт деген калк сак, скиф, гунн сыяктуу өлүк калкка айланды.

Доктор Киммо Кильюнен жетектеген ИККнын кыргыздын кыжырына тийген  103 беттен турган кайталанма отчетун окуп отуруп аз болуп калган экен деген ой туулат. Бизде доктор Апас деген бар, ушуну кошуп, дагы 103 беттен турган кыргыздын дооматын кошо жазса болмок экен. Докторлордун жазганын докторлор гана түшүнбөсө, жөнөкөй адамдардын тиши өтпөйт тура.

Кильюнен шамшарын шартылдатып курчутуп турсун, эгерде Октябрь революциясына чейин Ошто бир өзбек жашады деген маалымат тапса мен мурдумду тосуп берейин,тең бөлө кесип алсын. Иосиф Сталин азан айтып атын койгуча өзбек деген калк өзү болгон эмес. Азыр деле ала топучандар ич ара канчага бөлүнөөрүн бир кудай, бир Каримов гана билер. Арийне кыргыз элин эки революция сынап көрдү. Сынаганда да катуу сынады, ар кайсы жактан күчтөр Түндүк-Түштүк, Анжиян-Арка кылып бөлгүсү келди. Бирок кыргыз деген кылымдан бери келаткан бир калк экендигин айкындады. «Учу бирге бөлүнөт, түбү бирге кошулат» дейт. Биз кыргыздар түбү бир атанын балдарыбыз. Түбүбүз бир болгондуктан  «кыргыз» деген ураан менен ынтымакка келдик. Өзбек эли токсон боолуу болгону менен тили, дини, түбү бирге түрк калкыбыз.

  «Өткөндү тапанча менен атса, тарых замбирек менен атат» -дейт. Кильюнендин түрк элдеринин тарыхын билбегендиги айдан-ачык көрүнүп турган. Кыргыздар, сарттар, ферганалык түрктөр, ала допучандар, кыпчактар, шаар курдурганы алып келген перстин тукумдары, Чыңгыз хандын тукумдары, тажиктер, казактар сырткы душмандарга каршы «Бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып» биргелешип күрөшүп келишкен. Жунгар империясы казак, кыргызды сүрүп Ферганага кирип келгенде чогуу кубалап чыгышкан. Ошол мезгилде кыргыздар талашып-тартышпай эле «Анжиянда досум бар, ал да менден шалаакы, Бухарада досум бар, бу менден шалаакы» дешип, Анжиянды мекендеп турушкан. Кильюнендин теориясы боюнча анда Анжиян деле биздин жерибиз болуп калып атпайбы. Кыргыздар байыркы көчмөн эл болгондуктан Борбордук Азияда, Алтайда көчүп–конуп эле жүрүшкөн эмеспи. Көчүп конгон жерибизди талашып отурсак, анда Россиянын Алтайы, Кытайдын Чыгыш Түркстаны, Казактын Ала-Таусу, Өзбектин Ташкенге чейинки жерлери бизге тиешелүү болуп атпайбы. Ансыз деле чүрчүттөр мындан миңдеген жылдар мурун Каспийге чейин колу жетип турган экен, Мао Цзэдундун шовинисттик саясатчылары Кытайдын географиялык картасын түзүшкөндө Каспийге чейин өз аймактары деп эсептешкен эмес беле. Албетте, Ошто сарттар жашагандыгы үчүн өзбектер өзүнүн жери деп эсептешсе, кыргыздын биринчи спикери кыпчак Орозбеков ала топучандардын кыпчак спикери менен жең ичинен соодалашып, Кыпчак автономиясын түзөбүз деп, кыргыздын жерин Өзбекстанга оодарып жибергени тууралуу тарыхий маалыматтар бар. Кыпчактардан шору каткан шоркелдей баягы эле Иосиф Сталин Кыпчак автономиясын түзүүгө макул болбой, кыргыз калкы жерлери менен Өзбекстанда кала берген. Каякта эми ошол жүз миңдеген кыргыз калкы? Бир кылым өтүп өтпөй өзбектерге сиңип кетип баратат. Ал жактагы кыргыздар биздеги өзбектерчилеп министр, губернатор, депутат болгонду кой, бир районго аким болгондору бар бекен? А бизде болсо ала топучан ашыналарды чалчактатып, байлыгын ашырып–ташытып, бийликке жулунтуп атабыз. Кыргыз жергесинде эле байып алган ала топучандар кыргыздарды  кемсинтип мамиле кылган учурлары жок деп ким айта алат? Өзбекстандагы кыргыздарды тим эле коёлу, момун кыргыздар тоо этектеп кетишип, шаарлардагы орчундуу, капчыктуу жайларды Акаевдин убагында эле  «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» дешип өзбектер менчиктештирип алышканын ким танат? Ошолордун бири Кадыржон Батыров эмеспи.

 Кильюнен мырза кокус кыргыздарды жоопко тарттыра турган болсо, ага Нүзүп аталыктан баштасын деген кеңешибизди берет элек. Себеби, ал жээни Шералынын кой бактырып коюп, убагы келгенде ферганалык түрктөрдү, ала топучандарды, сарттарды тебелеп өтүп, Кокон хандыгын алып берип, өтүгүн хан сарайга илдирип коюп атпайбы. Ал эми азыркы өзбектерге тийишкен адамдарды эле жоопко тарткысы келсе Искендер Зулкарнайндан, европалыкча Александр Македонскийден башташ керек. Анан Чыңгыз ханды кошуш керек. Булар Бухара, Самарканга чейин келишип рахаттанышып, «ойноп» кетишчү. Арийне, 2010-жылы Кокон, Бухара, Самаркандда өзбек калкы геноциди жок тынч эле жатышты. Бир гана байлык менен бийликке көпкөн Кадыржон Батыров баштаган «гангстер» авантюристтер эки ынтымактуу элдин ортосуна от жагып коюп, эми өздөрү кыргыздарга түртө салып атышат. Өзбектер деле мусулман, асманда кудай калыс болсо, бул урушту ким баштаганын кудайга койдук. Кильюненге окшогон капырлар келжирей беришсин.

«Шакалдар шапары»

«Шакалдар» деп ала топучан «гангстерлер» кимди айтып жатканын ким билет? Бирок ушул видеотасма, китепти жасашкандар, дал өздөрү ушул атка татыктуу экени анык. Кылмыштуу иштерди баштап коюшуп, из жашырып жүрүшкөн эл бузарлар адамдын өлүмү менен ойношуп, акча топтоп атышат.  «Өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүмдүү жерде молдо семирет» дегендей, канчалаган бейажал өлүмдөрдүн башын аттап, кыргызбы, өзбекби ким айра таанып атты эле, эң шумдуктуу өлүмдөрдү камерага  тартып алышып, кыргыздар геноцид жасашты деп ааламга жар салып жүрүшөт. Акаев баш болгон кыргыз бийлиги «маалыматтык согушта» оппозициядан утулуп калчу, Убактылуу Өкмөт «маалымат согушунда» ала топучан «гангстерлердин» алдында утулуп калышкан. Кадыржон Батыров ушул жылдардын ичинде жөн жаткан жок. Өзбек олигархтарынан, чет элдеги өзбек диаспораларынын өкүлдөрүнөн акча каражатын жыйнап кыргыздарды каралаган, бир жактуу китептерди, видеотасмаларды тартып дүйнөлүк коомчулукка кыргыз геноциди деген жалааны жаап келатат. Ошол эле акчалар менен өзбек жаштарын Ооганстанда жана башка согушчул чөйрөдө машыктырып жатат. Ал эми биздин бийликтегилер кызмат десе безеленишип, Ош окуясы боюнча «ачыбаган камырдай» былтыйган бойдон отурушат. «Ичкен кудуктарына түкүрүшкөн» сепаратисттердин «ити чөп жеп», кайдагы Орусия империясынын алдында кылымдар бою кул болуп келген Финляндияны таап алышыптыр. Финндер жок эле кыргыздар күн көрүп келишкен, финндер жок эле кыргыз күн көрөт.

Орусия Федерациясы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу бир тууган өлкөлөргө рахмат, алар Батыровго окшогон кылмышкерлерди жолотуп коюшкан жок. Финндердин кыргызга кандай өчү бар? Алардын премьер-министрин биз өлтүргөн эмеспиз да. Финндер ушак, жалаага толгон «Шакалдар шапарын» миллион нускалап чыгарып атышса, Кильюнен деген бир кеңкелеси ошого үндөш бир жактуу отчетун жазды. Бекер жазмак беле, дардаңдаган, өлүмдөн акча жыйнаган «эл бузарлардын» чогулткан акчасынан «лап» этип сугунуп алып жазып атат да. Албетте, Ош окуясы тууралуу дагы далай пикирлер айтылар, Карфагендин аты тарыхта калып, өзү урандыга айланганына миңдеген жылдар болду. Ал менен жашташ Ош шаары кайрадан бутунан эбакта турган. Ылайым эки элдин ортосунда ынтымак орносо экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости