www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-октябрь ак илбирстерди коргоо күнү. Ушул өзгөчө жаныбар тууралуу маалыат бермекчибиз.
Ак илбирс - бул тоолуу Кыргызстандын башкы символу. Ак илбирс - кар менен кургактыктын ортосунда жашаган, деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктиктеги тоо кыркаларында байыр алган дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бири. Негизги чордону Азиядагы 12 мамлекеттери жана анын ичинен Кыргызстан да бар. Ак илбирс Кызыл китепке кирген жырткыч, алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт.
Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган.
“Ак илбирс биздин өлкөдө Чандалаш, Талас, Суусамыр, Чаткал, Ат-Башы, Молдо тоо, Нарын жана Какшаал тоо кыркаларында жашайт. Өткөн кылымдын сексенинчи жылдардын башына чейин ак илбирстин жалпы саны 1400 баш болуп келсе, азыркы учурда 300дөй бар. Демек, улам азайып баратат, азаюуну токтотуш учун аңчылыкты катуу көзөмөлдөө – биринчи шарт.
Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай кое алат. Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик 5-7 метр жерден секирип жандыктарды кармай алат.
Ал көбүнчө экиден же үчтөн мый тууйт, ичиндеги баласын көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар. Ал 13 жылга чейин жашайт, бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган. Альпинисттерде бейрасмий “ак илбирс” деген титул бар. Эң жогорку бийиктиктерди багындыргандарга ич ара ушинтип атап коюшат.
Эске салсак, 1985-жылы СССР жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар туурасында Кызыл китеп кабыл алган. Ага Кыргызстанда жашаган бир катар канаттуулар, жан-жаныбарлар киргизилген эле. Анын ичинде ак илбирс дагы бар.
Булак: NazarNews.kg