www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-майда интернет желелеринде өзүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен айлынын Абжал аттуу тургуну деп тааныштырган жаш жигиттин видеосу тарады.

Видеотасмадагы жигиттин айтымында, Жалал-Абад облусунун ОИИББинин кызматкерлери сабашкан.

Бул маалыматты тактоо үчүн NazarNews маалымат агенттиги Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгына байланышты. Алар төмөндөгүдөй маалымат беришти.

“Бул видеотасма эки жыл мурда тартылган. Тасмадагы жигит Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан эки жыл мурда 1,5 килограмм баңгизат сатып жаткан учурда колго түшкөн. Убактылуу кармоочу жайга келгенден кийин жоопкерчиликтен качуу максатында ушундай жолго барган.

Бул факт боюнча кызматтык иликтөөлөр жүрүп, Улуттук коопсуздукту сактоо кызматы тарабынан кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, текшерилип, тергөөнүн жүрүшүндө алардын күнөөсү жок экени аныкталган.

Алган жаракаттары башка адамдар менен болгон жаңжалдан улам келип чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости