www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Оргалча:

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттаган Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана бийлик менен байланышы жөнүндө билдирүү таратты. Ал интернет айдыңында айтылып жаткандарды курулай ушак деп атады. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуусун “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

"Эл ичинде мен жөнүндө аябагандай чоң ушак айланып жатат. Мени уйгур, кытай, тыңчы кылып жатышат. Бул такыр чындыкка дал келбейт. Мен Ат-Башыдан кеткен чериктин кызымын. 1916-жылы чоң аталарыбыз Ат-Башыдан Кытайга үрккөн", - деди Оргалча.

Ал кыргыз жарандыгын алган учурда кытай жарандыгынан расмий баш тартканын билдирди. Токтобүбү Оргалча президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова менен эч кандай тааныштыгы жок экенин, бирок азыркы бийликтин саясатын колдой турганын белгиледи. Оргалча ага мандат мыйзамдуу тийгенин дагы кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости