www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык миллиардер банкир, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты жана медиа магнат Александр Лебедев Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине келип кетти.

Ал Instagram баракчасына кендин негизги карьеринен тартылган видеону жарыялап, деңиз деңгээлинен төрт миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан кен 25 жылдан бери иштетилип, 1 чакырым тереңдикке чейин казылганын жазды. Ошондой эле бул жылдар аралыгында 12 миллиард доллардай каражат түшкөнүн кошумчалады.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Лебедев Кумтөргө өткөн аптада барганын “Азаттыкка” ырастап, анын максатын мындайча түшүндүрдү.

“Алар Кумтөрдө мөңгүлөрдү көрүштү. Мен Давыдов, Лысый мөңгүлөрү мурда кандай эле, азыр кандай болуп калганын көрсөтүп бердим. Бизде 1995-1998-2008-жылдары мөңгүлөр кандай болгону тууралуу архивдик материалдар бар. Аларды документалдуу түрдө көрсөттүм. Комиссиялардын отчетторун айттым. Ал өзү да тартып алды. Биз да тарттык”.

Кутманова Лебедевдин кенге келишинде эч кандай бизнес кызыкчылык жок экенин, ал Кумтөрдөгү экологиялык абалды эле көргөнү келгенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости