www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы коронавирустун чыгышына АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) тиешеси болушу мүмкүндүгү каралууда. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматта USAID 20019-жылдан тарта жаңы коронавирустарды иликтеген "Предикт" программасын каржылаганы айтылат. Анда аталган вирустарды алып жүргөн жарганаттарды кармоо иштери жүргөнү белгиленип, подрядчыларынын бири Украинада аскердик-биологиялык ишмердүүлүгү менен белгилүү "Метабиота" болгону ачыкталган.

Министрлик 2019-жылы — COVID-19га кабылгандар каттала элек маалда Американын Хопкинс институтунун базасында буга чейин белгисиз болгон коронавирус эпидемиясынын шартында аракеттердин тартиби каралган "Ивент-201" окуу-машыгуулары өткөнүнө көңүл бурууга чакырып жатат.

"COVID-19 сценарийин ишке ашыруу жана USAID тарабынан "Предикт" программасынын ыкчам жыйынтыкталышы пандемия жасалма жол менен пайда болгонун жана ага АКШнын тиешеси бар экенин божомолдоого жол ачат", — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

2022-жылдын май айында медициналык Lancet журналынын эксперти, профессор Жеффри Сакс "коронавирус жасалма жол менен жаралганын, ага АКШнын биотехнология тармагындагы жетишкендиктери пайдаланылган болушу ыктымал экенин" жазган.

"Биздин адистердин пикиринде буга коронавирустун көбүнө мүнөздүү болбогон геноварианттардын өзгөрмөлүүлүгү, башкача айтканда, оорунун ар кайсы учурда күчөшү, адам өлүмүндөгү айырмачылыктар, жайылуу географиясынын ар башкалыгы, эпидемиялык процесстин күтүүсүз нукта өнүгүүсү далил", — дешти министрликтен.

Ведомство бейтаптарды обочолонтуу аракеттерине карабай вирустун жаңы варианттарынын "жаралышы" аркылуу пандемия жасалма жол менен "өмүр сүрүп" жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости