www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Осакадагы өрт 24 кишинин өмүрүн алды

Жапониянын Осака шаарындагы клиника өрттөнүп, 24 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 28 адам (17 эркек, 11 аял) жаракат алып, анын 27си өтө оор абалда жатат.

Белгилей, кетсек, бүгүн, 17-декабрда эртең менен Осака калаасынын чок ортосунда сегиз кабаттуу имараттын төртүнчү кабатында жайгашкан терапевттик жана психологиялык жардам клиникасынан өрт чыккан.

Жеринде 34 өрт өчүрүү жана 70 Тез жардам бригадасы иштеп, тилсиз жоону токтоткон. Полиция атайлап өрт коюлушу мүмкүн деген шек менен ишти тергеп жатат.

Окуянын күбөлөрү карыган кишинин кагаз баштыгынан тамчылап аккан суюктуктан өрт тутанганын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости