www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык мэриясы шаардын дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаевге карата кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бирок, ал үч күндөн бери жумушка келбей, телефонун албай жатыптыр. Эгерде жергиликтүү чиновниктин жакында Ош шаарында катталган ок атышуу окуясына тиешеси бар болсо, мыйзам чегинде жоопко тартыла турган болуптур.
Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Ок тийген жаран мурдагы милиция кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулу болгон. Кылмышка шектүү катары эки адам айтылган, бири Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев.
Кийинчерээк облустук милиция, атышуу боюнча эки жаран кармалганын ырастап, бирок алардын арасында Кылыч Саркарбаев бар экендигин ырастап дагы төгүндөп дагы берген эмес. Андан көп өтпөй, Саркабаев кримтөбөл “Женго” менен абакта учурашып, чыгып келе жаткандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда кеңири жайыла баштады.
Булак:NazarNews.kg