www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери бензин 72 пайызга кымбаттаган Өзбекстанда акыркы эки жуманын ичинде күйүүчү май тартыштыгы байкалууда.

Соцтармактарга жарыяланган видеодо айдоочулардын бири метан газына кезеги жеткенине сүйүнүп, "керней-сурнайдын" коштоосунда кубанычын билдирип жатканы тартылган: "Биз метан куюу жайына кечээ келгенбиз. Кезегибиз бүгүн жетти", — деген видеонун автору.
Ушул эле видеодон алардан тышкары дагы ондогон автоунаа метан газына кезекте турганын көрүүгө болот.

Өзбекстанда күйүүчү май куюуучу жайларда да айдоочулардын узун кезектери болууда.

"Кечээ май куюу станцияларынын биринде эки жарым саат кезек күтүүгө туура келди. Акыры АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди 8800 сумдан куйдурдум. Бир жыл мурда бензин 4 миң сум болчу. "Жаңы Өзбекстандагы" абал азыр ушундай", – деди ташкенттик айдоочулардын бири.

Facebook социалдык түйүнүндөгү "Ташкенттин айдоочулары" деген тайпанын айрым мүчөлөрү бир нече саат кезекте тургандан кийин да бензин куя албай калышканын жазып жатышат. Айдоочулардын айтымында, алардын кезеги жеткенде күйүүчү май жок калууда.

Өзбекстандын өкмөтү 2020-жылдын май айында АИ-80 үлгүсүндөгү бензин менен дизель отунунун бааларына киргизилген мамлекеттик көзөмөлдү алып салган. Андан бери өлкөдө эң чоң суроо-талапка ээ АИ-80 бензини туруктуу түрдө кымбаттап келет.

Монополияга каршы күрөшүү комитетинин маалыматына караганда, Өзбекстанда жыл башынан бери АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 72,1% жогорулаган. Мекеме башчысынын орун басары Фаррух Карабаевдин айтымында, өлкөдө бензиндин кымбатташы ички базардагы суроо-талаптын өскөнүнө жана дүйнөлүк мунай базарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болууда. Анын бул билдирүүсүнөн кийин АИ-80 бензининин орточо баасы 9% кымбаттады.

"Өзбекмунайгаз" компаниясынын өкүлү өлкөдө бензиндин кымбатташына Казакстан алты ай мурда чет өлкөлөргө мунайды автоунаа менен ташып чыгууга тыюу салганы да таасир этүүдө.

– Эгер январь-июль айларынын аралыгында Өзбекстан 72 миң тонна АИ-80 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензин импорттосо, август-октябрь айларында бул көрсөткүч болгону 310 гана тоннаны түздү", — деди ал.

Компаниянын өкүлү бүгүнкү күндө бензиндин жетиштүү запасы бар экенин жана жетекчилик күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнүн үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

Монополияга каршы күрөшүү комитетинин маалыматына караганда, азыр өлкөгө күйүүчү май негизинен Орусиядан ташылып келинүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости