www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Пакистандагы сел 330 адамдын өмүрүн алды

Пакистанда акыркы бир нече күндүн ичинде катуу суу ташкын болуп, 330дан ашуун адам каза тапты.

Пакистандын Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынын маалыматы боюнча, дүйшөмбүдөн бери эле өлкөдө селден кеминде 35 адам каза болуп, каза болгондордун саны 337ге жетти.

Басылма апаат 8,6 миңден ашуун үйгө зыян келтирип, анын 3,3 миңге жакыны толугу менен талкаланганын белгилейт. Жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калды. Мындан тышкары, 50 көпүрөнү сел алып кеткен, жалпы узундугу 650 чакырымды түзгөн жолдорду бузуп кеткен.

Табигый кырсыктан эң көп Белужистан провинциясы жапа чеккен. Анда 104 адам каза болуп, 60тан ашууну жарадар болгон. 580 чакырым жол бузулган.

Пенджаб провинциясында кеминде 71, Синд провинциясында 81, Хайбер-Пахтунхвада 67 адам набыт болду. Ошондой эле Гилгит-Балтистан менен Азад Кашмирде каза болгондор жана жарадар болгондор бар.

Исламбад шаарын камтыган федералдык борбордо бир өлүм катталды.

Ал эми ЖМКлар өлкөдө нөшөрлөгөн жамгыр жакынкы күндөрү дагы улана турганын билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости