www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия айрым мамлекеттердин финансылык-технологиялык чабуулуна бекем туруштук берди, алардын экономикалык согуш тактикасы ишке ашкан жок. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин экономикалык маселелер талкууланган өкмөттүн жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, бийлик негизги тармактарды, ишканаларды, орто жана чакан ишкерликти колдоонун механизмдерин учурунда киргизип, тийиштүү чараларды өз убагында көрдү. Президент жумуш орундарын сактап калуу жана карапайым калкка жардам берүү негизги максат экенин белгиледи.

"Экономиканын кескин төмөндөп кетишине жол бербейбиз. Инфляцияны да тез арада калыбына келтирүүгө мүмкүн болду. Апрелде 17,8 пайызга жеткен, бул эң жогорку чек болуп калды, 5-сентябрдагы маалымат боюнча, 14,1 пайызды түзүүдө. Жыл аягына чейин инфляция 12 пайыздын чегинде болот деген ишеним бар", — деди Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости