www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы кайрадан вакцина алды. Бул тууралуу ал өзү Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча борбордун директорунун орун басары Денис Логунов менен жолукканда айткан.

РИА Новости бул туурасында жазып, Россия лидери бул сапар "Спутник Лайт" препаратын сайдырганын кабарлады.

"Бүгүн сиздин жана кесиптештериңиздин сунушу менен кайрадан дагы бир вакцинаны — "Спутник Лайт" препаратын сайдырдым. Бул кайра эмделүү деп аталат", — деген Путин.

Мамлекет башчынын айтымына караганда, процедурадан кийин абалы жакшы.

"Оорутуп же оорутпаганы боюнча айтсам, эки саат мурда сайышкан, эч нерсе деле сезген жокмун. Баары кадыресе эле, абалым да күндөгүдөй", — деген ал.

Путин аны менен катар эле COVID-19га каршы тамчылатма вакцинаны эксперимент жасоо боюнча ыктыярчыларды чакырды.

"Сүйлөштүк, сөзсүз кол коюп берем. Бүгүн эле жасайбыз", — деген Путин.

Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору иштеп чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 препаратын клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергени кабарланган. Александр Гинцбург тамчылатма вакцинанын кыйыр таасирлерин таппаганын билдирген.

Эске салсак, Россия лидери Путин буга чейин, 2021-жылдын жайында, коронавируска каршы эки компоненттүү "Спутник V" вакцинасын сайдырган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости