www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Путин Крым көпүрөсүнө өз унаасы менен келди

Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүнө келип, куруучулар менен сүйлөшүп, анын үстүнөн автоунаа менен өтүп кетти.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-декабрда оң тарабындагы көпүрө жол кыймылы үчүн ачылды.

Оң тарабындагы бузулган аралыктарды демонтаждоо жана алмаштыруу октябрь айынын ортосунан баштап ишке ашырылган – ал кездеги унаалардын кыймылы сол тарапта болгон. Вице-премьер-министр Марат Хуснуллин сол капталындагы 4 аралыгы да бузулуп, алмаштыруу керектигин билдирди.

Мындан тышкары, көпүрөнүн темир жол бөлүгүндөгү экинчи жолду 6-7 айдын ичинде калыбына келтирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, оңдоо иштерине күнү-түнү иштеген 500 адам тартылган. 55 күндүн 22 күнүндө бороондуу аба ырайы курулуш иштерине тоскоол болгон.

Эске салсак, 8-октябрда Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, андан кийин ал жерде өрт чыгып, үч адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости