www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сочиде Орусия лидери Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү төрт саатка созулду.

Андан соң мамлекет башчылары чыгып биргелешкен билдирүү жасаганын Кремль маалымдады. Тараптар россия-түрк мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын ырасташты.

Негизги билдирүүлөр төмөндөгүдөй болду:

Транспорт, соода, айыл чарба, өнөр жай, финансы, туризм жана курулуш секторунда кызматташтыкты өрчүтүү макулдашылды;

Регионалдык жана эл аралык туруктуулук үчүн Орусия менен Түркиянын ортосунда ачык жана ишенимдүү, ынак мамиледе болуу белгиленди;

Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин кийинки жыйынын Түркияда өткөрүү макулдашылды;

Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоо маанилүүлүгү ырасталды;

Ливиянын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана улуттук биримдигин жактоо;

Стамбул келишимин, ага кошо россиялык дан, жер семирткич жана өндүрүш үчүн сырьё эскпортун эч бир тоскоолдуксуз толугу менен аткарууну камсыздоо зарылчылыгы белгиленди;

Түркияга орусиялык газды экспорттоодо эсептешүүнү жарым-жартылай рубль түрүндө жүргүзүү макулдашылды.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости