www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Путин өз элине чукул Кайрылуу жасады

Орусия президенти Владимир Путин өз элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.

Мамлекет башчы Донбасс боюнча кырдаал чечкиндүү жана токтоосуз кадамды талап кылып жаткандыгын билдирген. Луганск Эл Республикасынын башчысы Леонид Пасечник жана Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин жардам сурап Россияга кайрылгандыгын билдирген.

Бул кайрылуусунда Путин маанилүү делген бир топ темаларга токтолгон.

Путин Орусиянын планына Украинаны оккупациялап алуу ниети кирбегендигин, бирок Орусия аны куралсыздандырууга умтуларын айткан. Башкаларга суроо жаратып жаткан "басып алуу саясаты" тууралуу так, даана айтып, Россия КМШ өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн сыйлап келгендигин жана мындан ары да сыйлаарын белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинада аскердик абал киргизилгени кабарланган

Эске салсак, 21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

24-февралда таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу кылып, Донбаста атайын аскердик операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер Референдум делген добуш берүү өткөрүп, өзүн-өзү Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп жарыялашкан.

Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости