www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливандын борбору Бейрутта өткөн аптанын бейшемби күнү башталган бийликке болгон каршылык акциясы дээрлик баардык өлкө аймагындагы ири шаарларды кучагына алды.
Алгач Бейрутта миңдеген митингчилер көчөлөргө чыгышып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөө менен шаардын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирп турган көчөнү бууп салышкан. Кийин “Франс пресс” дүйнөлүк басылмасы “Учурда Бейруттун көчөлөрү согуш талаасына окшоп турат: өрттөлгөн дөңгөлөктөр, айнектердин сыныктары, таштандылардын чачырандылары... Банк, ресторан, көптөгөн дүкөндөр жабык”, - деп жазып чыкты.
Митингчилерди таратуу үчүн полиция көздөн жашы агызуучу газ колдонууга мажбур болду. Тилекке каршы, эртеси бул митинг өлкөнүн баардык ири шаарларын кучагына камтып кеткен.
Айрым маалыматтар боюнча митингчилер менен полициянын ортосундагы кагылышуулардан улам каза болгондор бар, жаракат алгандар жүздөп саналат.
17-октябрда аталган өлкөнүн өкмөтү 2020-жылга карата бюджеттин долбоорун карап, анда Ливандын байланыш министри Мухаммад Шукейр WhatsApp аркылуу телефон сүйлөшүүлөргө айына 6 доллар, күнүнө 20 цент салык киргизүүнү жарыялаган болчу. Нааразычылык акциясы дал ушунун кесепетинен келип чыккан.
Митинг башталгандын эртеси эле Мухаммад Шукейр “WhatsApp”ка болгон салык кайра алынып салганын жарыялаган, бирок, бул митингдерди токтото алган жок. Митингчилер эми Ливандагы саясий системаны толугу менен өзгөртүүнү бийликтен талап кылышууда.
Өлкөнүн премьер-министри Саад Харири коалициялык өкмөткө 72 сааттык ультиматум коюп, анда өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды бүгүн, дүйшөмбүгө чейин берүүсүн талап калды.
Ливан – дүйнөдөгү мамлекеттик карызы эң көп өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын мамлекеттик карызы учурда 86 млрд. долларды түзөт.
Булак: NazarNews.kg