www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алты Ил-76 учагы россиялык тынчтыкты орнотуучулары менен Карабахка учуп кетти. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды. 

Маалыматка ылайык, учактар Ульяновск-Восточный аэродромунан жөнөп кеткен. Алар чыр болуп жаткан аймакка өздүк курамды, автомобилдик техникаларды, сооттолгон транспортторду жана материалдык каражаттарды жеткизиши керек.

Тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү Тоолуу Карабахка жайгашыруу боюнча буга чейин Россия, Азербайжан жана Армения тарап согуштук аракеттерди токтотуу келишиминин алкагында макулдашкан.

Коргоо министрлиги маалымдагандай, аймакка 1970 аскер кызматкери, 90 сооттолгон транспорт жана 380 даана башка техникалар жайгаштырылган. Тынчтыкты орнотуу контингентинин негизин Борбордук аскердик округдун 15-өзүнчө мото аткычтар бригадасынын бөлүктөрү түзөт.

Контингенттин жайгаштырылышы Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Карабахтан чыгып кетишине катарлаш жүргүзүлөт.

Эске салсак, Тоолуу Карабахтагы кырдаал 27-сентябрда курчуган. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыпташат. Россия, АКШ жана Франция лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-ноябрга караган түнү Пашинян, Алиев жана Путин кол койгон документ — турукташуу үчүн жасалган төртүнчү аракет. Буга чейинки үчөө ийгиликсиз болгон. Учурдагы келишимге Армениянын аймагынан сыртта жүргөн Россиянын тик учагы атып түшүрүлгөндөн кийин кол коюлду.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости