www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «таластыктарды кызматка жолотпош керек» деп айткандарына жооп берди.

Момбековдун айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевди бул кылган кылыгы үчүн кызматтан кетирүү керек.

«Министрдин айткан сөздөрү жаңылыштык эмес, ал муну атайын айтты. Бейшеналиевди бир-эки депутат кечирсе кечире берсин, бирок аны эл кечирбейт. Таластын кулуну катары мага ал сөз катуу тийди. Мен мисалы кечирбейм. Атайылап айтканы бул – кылмыш. Ал мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.

Бейшеналиев, биздин эле эмес, аалам адамдары Айтматов, Чолпонбай баатыр, Жеңижок аталарыбыздын арбагына шек келтирип жатат», - деди Момбеков.

Эске салсак, буга чейин министр Бейшеналиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү планы боюнча журналисттерге маалымат жыйын курган.

Ошол жерден оорукананы оңдоп берем деп убадалаган ишкер тууралуу кеп кылып жатып «ал дагы аферист, ал дагы таластык» деп айтып алган. Кийин интернетке «таластыктарды колдобойм» деп айткан видеосу дагы тараган.

Мындан улам Таластын эли министрге нааразы болуп, президентке видео кайрылуу жолдогон. Ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу Таластын аянтына чогулуп, Бейшеналиевге каршы митинг өткөрүү боюнча үндөөлөр күчөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости