www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору» улуттук форуму өтүп жатат, деп билирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, учурда республика энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда. Буга катар энергетикалык жабдуулардын техникалык жактан эскириши, суунун аздыгынан жана чектелген энергетикалык кубаттуулуктардан улам электр энергиясын импорттоо маселеси орун алган.
Акылбек Жапаров кошумчалагандай, Камбар-Ата жана Жогорку-Нарын ГЭС каскады стратегиялык объектилериндеги курулуштун активдүү фазасы ишке берилиши менен катар энергиянын жаңыланып туруучу туруктуу булактарына артыкчылык берилиши керек.
«Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жогорку потенциалга ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергия, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Гидроэнергетикадагы потенциалдын 10% гана колдонулат. Ошондой эле биздин өлкөнүн аймагы күндөн жылына орточо 4,64 млрд МВт саат нур энергиясын, же 1 чарчы метрге 23,4 кВт саат нур энергиясын алат.
Аймактагы күн нурунун орточо жылдык узактыгы болжол менен 2100-2900 саатка чейин өзгөрөт. Бул потенциал бизде дээрлик пайдаланылбайт. Шамал энергетикасын өнүктүрүү үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр бар, өзгөчө. Алыскы райондордо энергетикалык активдүү шамалдын узактыгы 5-7 миң саатты түзгөн шамалдын агымынын салыштырма энергиясы 1 чарчы метрге 2000 кВт саатка чейин жетет.
Жылуулук же атомдук электр станциялар түрүндөгү альтернативалык булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү айлана-чөйрөгө бир топ азыраак зыян келтирет. Бул парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтат, абаны жана мөңгүлөрдү булгабайт жана айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди жаратпайт.
Бул өлкөнүн соода жана төлөм балансын жакшыртат, анткени сырттан көмүр жана газ импорттоо төмөндөйт», - деди Министрлер кабинетинин башчысы. Акылбек Жапаров белгилегендей, өнүктүрүү боюнча донорлор, бизнес түзүмдөрдүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып жаткан улуттук форумдун негизги максаты — бирдиктүү чечим аркылуу кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго түрткү берүү.
Учурда Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 энергиянын кайра жаралуучу объекттерин курууга сертификаттар берилди. Алардын жалпы кубаттуулугу 300 мегаваттка жакын электр энергиясын түзөт.
Бир нече кичи ГЭСтердин курулушу башталды: - «Бала-Саруу» - Талас облусунда, 25 мегаватт; - «Орто Токой» – Нарын облусунда, 21 мегаватт; - «Кара-Көл» - Жалал-Абад облусунда, 18 мегаватт. Энергетика министрлиги тарабынан жаңы редакциядагы «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет.
Тактап айтканда, кубаттуулук квоталарына, электр энергиясын сатуу боюнча ишмердикти лицензиялоого, сынак өткөрүүгө талаптарды алып салуу сунушталып, кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан бошотулуп, өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.
Булак: NazarNews.kg