www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр улам-улам калаа башчылары алмашып, кыйла эле кыйсыпыр түшүп жаттык. Алардын аты-жөндөрүн толук деле эстей албайбыз. Коомдо салмагы жок пенделер...

Ал эми Бишкек мэрлигине Айбек Жунушалиев келгени туруктуулук орноп, бирок ишмердигине сындар айтылып келет. Кайсы бир кемчиликтерин жоюуга өзү реакция жасап, пиар менен алектенбегени байкалды.

Бир жагынан шаардык кеңештин бай депутаттары кыр көрсөтүшүп, ар түрдүү оюндарды жүргүзүп келишет (коррупцияга баткан, маслократтардын балдары). Каарманыбыз болсо баарына чыдамдуу, жөнөкөй, саясаттан да алыс экен.

Эң кызыгы, Айбек Жунушалиев учурда Бишкекте үйү жок, квартирада жашаганын эшиттик. Мындай башта болбосо керек. Акыркы эле отуз жылда иштеп кеткен мэрлерди сыдыргыдан өткөрүп көргүлө, жалаң байларды гана санай алабыз.

Ал эми Жунушалиев 45 жашка чыгып калса да, бир топ кызматтарды аркалап, бирок кедей болгону таңгалдырууда. Айлыкка гана күн кечирген чиновниктин жашоосу ушундай тура. Үлгү алыш керекпи, же эмне дейсиңер?

Булак: Азия News гезити
 

Последние новости