www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Керим Турапов: “Атак-даңк - көрүнбөгөн бийлик..”

Акыркы кездерде кечээкини эле пир тутуп «ностальгия» менен жашап жаткандайбыз. Буга себеп бүгүнкүнүн элитасы барбы?! деген суроонун айланасында гана өмүр кечирип келебиз. Албетте бар, тарахыбызга саресеп салсак, кыргыз элитасы пайда болгондон тарта жашап келген дагы да жашай бермекчи. Азыркы күндө сыймыктанарыбыз эле кыргыз искусствосу болуп калды. Өтмүштөн бүгүнкүбүздүн бары биз үчүн сыймык эмей эмине?! Улут уңгусун улай… Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын мурунку директору Керим Тураповдун чыгармачылыгы, иш билги тажрыйбасы туурасында кеп кылууну эп көрдүк.

- Атакты сүйүүчүлүк ач ашказан сыяктуу-ал өзүнүн табитинен башка, эч бир мыйзамга баш ийбейт дегенге кошуласызбы?

- Турмушта калыстык менен жүргөн адамга жаман сөз айтылышы күмөн. Атак-даңк көрүнбөгөн бийлик. Кезегинде Ч. Айтматов, М. Алыбаев, Б. Сарногоевдердин чыгармаларына укмуштай сын айтышкан. Ырыс-көтөрүмдүү талант сынбастан тескерисинче курчуйт.Себеби андай инсандын чыгармаларында улуулуктун үрөнү бар. Жеңил атак-даңк улуулуктун көлөкөсүндө ортозар бойдон кала берет. Андыктан барга көппөй, жокко чөкпөш керек.

- Биздин бүгүнкү ойлогон оюбуз, жасаган ишибизден эртеӊкибиз кандай болоору аныкталат экен. Сиздин көз-карашыңызды уксак…

- Бул абдан кыйын нерсе, алдыга максат коюп жашаган жакшы. Жаратканым бизди бийлик, байлык же бакыт берип сынайт. Адам баласы ошону көтөрө алабы же текеберленип көөп кетеби, маселе башка жакта. Социалдык тармактарда кээде өзүң таң кала турган окуяларга күбө болосуң. Шумдугуң кур! деп аргасыздан жакаңды карманасың. Бүгүнкү жасаган ишибизден, эртеңкибиз кандай болоорун ойлонсок, жуурканыбызга карап, бутту суналы. Бардык нерсеге шүгүр деп жашашыбыз керек.

- Азыр биз чөптүн үстүндөбүз, акыр бир күн ошол чөптүн астында калышыбызды унутпасак. Жөнөкөйлүк сиз үчүн…

- Табиятымдан жөнөкөйлүк бар адамды тебелеп-тепсеп кетет экен. Сүттөй ак болуп, периште боло албайбыз анткени пендебиз да. Бирөөнүн шагын сындырасың сени да бирөө шагыңды сындырат. “Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол” деген макал бекерден айтылбаган. Бир жерде кызматта отурсаң, сени кайсы жерден тайып кетсе экен деп душманың убара. Мен ошол нерсени жон терим менен сездим. Кызматта отурганда тегерегиңдеги адамдардын мамилеси, кызматтан кеткенден кийин 180 градуска бурулат, бул мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Бирок, адам бойдон калуу керек деген принципти карманамын.

- Сизде менеджерлик сөөк менен кошо жаралгандай?

- 90-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониябыз такыр эле артта калып, талкаланып, мындайча айтканда мышык ыйлагыдай акыбалда эле. 80-жылдардан тарта ал жердин коён жатагына чейин жаттап алгам. Директор болгондон кийин чыгармачыл топтор түзүлүп, оркестрдик топ, бий топторуна да өзгөчө көӊүл бурдулду. Чыгармачылык жаатта дагы, көрүүчүлөрдүн табитин кайра мурунку калыпка келтирүү жаатта дагы бир топ эмгек жумшалды… Ал эми биздин театрга эки жолу директорлукка сунуш эткенде, шылтоолорду айтып барбагам. Үчүнчү жолкусунда Өкмөттүн токтому чыгып, директорлук кызматты аркалап калдым.

Качантан бери ырастуу ремонт болбой келген театрдын акыбалын сүрөткө, видеого тартып алдык, 3 ай ичинде жер төлөсүнөн баштап, чатырына чейин оңдоп-түзөө иштерин бүтүрдүк. Кайсы бир учурда директор болуп келсем, эскилиги  жеткен жердин баарын ирээтке келтирем деп өзүмө-өзүм сөз берип, милдет катары кабыл алып койгон элем. Алдыма койгон максаттардын дээрлик көпчүлүгүн аткардым. Эгер жетекчи талапты күчтүү коё билип, темирдей тартип орнотсо, ал жердеги иш система калыпка салынып калат окшобойбу. 2019-жылы 31-январда кызматка келиптирмин, туп-туура 2022-жылы 31-январда кызматтан өз ыктыярым менен бошотулдум.

- Театрдын чыгармачыл жааты кандай өзгөрүүгө туш болду?

- Театрда коюлган репертуардан тушкөн акчаларды кайра эле өзүнө жумшоо системасын өздөштүрдүм. “Ак-Мөөр” операсы, “Чолпон” жана “Саманчынын жолу” балетин баш аягына чейин жаңылап койдурдук. Декорациясы жана косюмдарына чейин жаңыланды. “Саманчынын жолун” күздө Ташкентке алып бармакпыз. Алдыда конкереттүү пландалган иш-чаралар бар болчу. Эмдиги жылы театрыбыздын 80 жылдык мааракеси, Ташкент жана Казакстандын театр директорлору менен меморандумга келишим түзүп кол коюлган эле. 

Пандемия учурунда эки тараптуу пневмония болуп катуу ооругам. Иштеп жүргөндө пландалган ишти бүткөрүүгө шашасың, ал учурда кайдагы дарыланмай?! Өз кесиптин фанаты болсоң ушул экен. Эми ден-соолукту чыңдайын деп кириштим. Эң негизгиси өлкөбүз өнүгүү жолунда, элибиз аман болсун.

Динара Асылбекова

Последние новости