www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов Жогорку Кеңештин депутатынын чет өлкөдөн оң рулдуу автоунааларды алып келүү боюнча сунушуна пикирин билдирди.

Эске салсак, 9-февралда эл өкүлү Чолпон Султанбекова чет өлкөдөн оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салууну сунуштаган. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Япониядан машина алып келе албай, Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу үчүнчү өлкөдөн сатып алууга аргасыз болууда

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгер ЖКККББ каршы болбосо, бийлик бул маселени кароого даяр экенин белгилеген.

Маалым болгондой, кайгуул милициясы бул демилгени колдобойт.

"Жол кырсыктары, өлүм учурлары боюнча маалыматтарды эске алганда бул демилгеге каршыбыз. Себеби, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын төрттөн бир бөлүгү оң рулдуу унаа башкарган айдоочуларга туура келет. Ошондой эле жолдогу өлүм учурларынын 27 пайызы дагы ушундай автолорго байланыштуу. Мындай машиналар аз болгону менен өлүм учуру көп катталат. Үч же андан ашык адамдын өмүрүн алган жол кырсыктар дал ушул оң рулдуу машиналардын кесепетинен болууда. Ошол себептен коопсуздук максатында бул демилгеге каршыбыз", - деди Исраилов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды каттоого 2015-жылы тыюу салынган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңден ашык автоунаа оң рулдуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости