www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус тили дүйнөлүк тил, муну тана албайбыз. Союз убагында СССРде гана эмес, көпчүлүк социалисттик мамлекеттерде орус тили эне тили катары окутула турган. Эгемендүүлүккө жетишкен соң гана ар бир мамлекет өз эне тилин мамлекеттик тил катары кабыл алып орус тилине ар кандай көз караш менен карай баштады. Алсак, мурунку социалисттик мамлекеттерде орус тилин толугу менен жок кылышкан. Ушундай эле мамиле Балтика боюндагы мамлекеттерде орун алган. Ал эми Грузия, Украина, Молдова сыяктуу мамлекеттерде орус тилине өгөй мамиле кылышса, Түркмөнстанда да бул тилди сүрүп чыгарганга аракет бар. Орус тилине Кыргызстан менен Казакстан официалдуу макам берген. Биздин мамлекетте орус тилинин официалдуу макам алып жүргөнүнө ар кандай көз караштагы адамдар бар. Кээ бирөө таптакыр эле орус тилинен «статусту» алып салыш керек десе, Ирина Карамушкина сыяктуу саясатчылар орус тилине официалдуу тил берилишине макул эмес, мамлекеттик тил берилиш керек деп чыгышууда. «Мамлекеттик тил» боюнча каралган маселе учурунда эксдепутат Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштаган. Ошол кездеги кесиптеши  Каныбек Иманалиевдин диссертациялар кыргыз тилинде корголушу керектигин айтканда Карамушкина буга каршы чыккан: «Биз светтик өлкө деп жарыяланганбыз. Эгерде Кыргызстанда эки тил, орус жана кыргыз тилдери мамлекеттик болсо, анда эмне болот? Көпчүлүк үчүн жумушка орношууда кыргыз тилин билбегендик чектөө болуп калды. Мага жумуш табууга жардам сурап бир нече адам кайрылышты, бирок мамлекеттик тилди билбегендиктен баш тартышты. Бүгүнкү күндө, мисалы, өкмөттөн мамлекеттик тилде гана билдирүү келди. Орус тилдүү жарандарга мамлекеттик тилде жооп берилет. Өкмөт мындайын токтотуусун талап кылам» - деген ал кездеги эл өкүлү.

 Скиф, гунн, сак жана башка миңдеген тилдер жок болушуп «өлүк» тилге айланышкан. Аларга салыштырмалуу кыргыз тили байыртан жашап келатат. Союз убагында борборубуз Бишкекте 68 мектептин бирөө гана № 5 кыргыз мектеби болгон, кыргыз тили кор болгон. Жазуучулар Айтматов, Токомбаев жазганыбызды кыргызча окуй албай, кыргыз тили өлүп баратат дешип ачуу үндөрүн чыгарышканы менен элге үлгү көрсөтпөй өздөрү балдарын орус тилинде окутушкан. Исхак Раззаков жетектеп турган учурда 1958-жылдын 14-майында БКнын бюросу орус мектептеринде кыргыз тили окулсун, Касым Тыныстановдун жана Молдо Кылычтын тандалма чыгармалары өзүнчө жыйнак болуп чыксын, окумуштуулар булардын чыгармаларын изилдеп, орусча, кыргызча журналдарга сын макалаларын чыгарсын деген чечимдерди кабыл алат. 1960-жылы 4-январда БКнын ошол эле бюро мүчөлөрү 1958-жылы чыккан чечимдерин жокко чыгарат. Бул токтомдор отуз жылдан кийин 1989-жылдын 23-сентябрында гана жокко чыгарылып, кыргыз тили мамлекеттик тил катары токтом кабыл алынган.

Кыргыз тили көргүлүктү көргөн: 1928-жылы арабдан латынга, 1941-жылы латындан орус алфавитине өткөнбүз. Учурда Түркмөнстан, Өзбекстан латын алфавитине өттү, Казакстан латын алфавитине өтүүгө даярданып жатат. Эми кошуналар латын арибине өтүп жатканда, Кыргызстанда болсо латын алфавитине өтүү учурдун маселеси эмес, биз Баш мыйзамыбызда кыргыз тилине мамлекеттик тил берип, орус тилине официалдуу тил берип келатабыз. Бирок улуу тилдигине салып мамлекетибиздин көп жерлеринде кыргыз тили өгөйлөнүп келатат.

Социалисттик идеологиянын башкы принциптеринин бири мамлекетти жалпы тоталдык сабаттуулукка жетелеп, билим берүүнү акысыз кылган. Жергиликтүү тилдерди көтөрүү демилгеси кагаз жүзүндө калып, орус тилине өзгөчө басым жасаган. Ошондуктан, өз эне тилин билбеген маңкурттар көбөйүүгө дуушар болгон. Орусиянын курамындагы кыргыздарда 1917-жылдагы Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин сабаттуу адамдар аз эле. Башка республикадагылардай эле Кыргызстан да сабатсыздыкты жоюп, 1928-жылдары буга чейин колдонуп келаткан араб алфавитинен ошол мезгилде популярдуу болуп турган латын алфавитине өтүү башталат. Буга чейин араб алфавитин пайдаланып келген кыргыздар эми жаңы латын алфавитине өтүп кайрадан сабаттуулукка, латын алфавитин үйрөнүүгө тийиш эле. Бул процесс токтогон жок, арабдан оруска секиртпей, ортого латын арибин кыпчып 1941-жылы согуш башталаар алдында кыргыздар кириллицага өтөт.

Кыргызстанда орус тили официалдуу статустан көтөрүлүп мамлекеттик макам берилсин дегендер бар. Мамлекет башына келгенден беш ай өткөн соң 2021-жылдын февралында Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барып Владимир Путин менен жолугушкан. Буга чейин бир ирет Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапары менен кесиптеши Лавров менен жолугушкан. Орусиянын борбору Москвада пресс-конференцияда кыргызча суроо берген журналистке кыргызча жооп бере койом деп, жыландын куйругун басып алган. Руслан Казакбаевге кыргызча сүйлөгөнү үчүн боор салбаган Орусия президенти Путин Садыр Жапаров менен жолукканда көп нерседен буйтап өтүп, орус тилинин Кыргызстандагы статусу тууралуу кеп кылып, бизде орус тилинин статусун мамлекеттик тил катары сактап калганына ыраазычылыгын билдирип, келечек пландарында орус тилин терең өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн түзөрүн баса белгилеген.

1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил макамын алган кыргыз тили мамлекеттик тил боло алдыбы? Ал кезде Кыргыз ССРи СССРдин курамында он беш республиканын бири болгон. СССР мамлекетинин мамлекеттик тили орус тили эле. Кавказда, Балтика боюндагы республикаларда кайра куруунун шарданы менен өз республикаларында өз тилдерине мамлекеттик макамын берип жатышкан. Компартиянын башында Апсамат Масалиев турган Кыргыз ССРи да батылдык кылып кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.

Аскар Акаев президент болуп келгенде кагаз жүзүндө болсо да кыргыз тили мамлекетик тил болгон. Кокус ГКЧП жеңип кетсе кыргыз тили мамлекеттик тил катары кагазда эле калмак. Көп мамлекеттерде өз тили өгөй тил катары эл арасында гана колдонулат. Ал эми англис, француз, испан, орус тилдерин бийликтегилердин айлана-чөйрөсү колдонушуп, эл менен бийликтин ортосунда тымызын ажырым болот. Албетте, дүйнөлүк тил керек, бирок кимдерге керек? Мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен чет мамлекеттерге саякаттаган көпөстөргө. Ал эми капчыгы жука калың эл өз мекенинен чыкпаса ага кыргыз тилден башка эмне керек. Башка мамлекеттер ашына Өзбекстан, Тажикстанда титулдук тил союз убагынан бери колдонулуп келатат. Ал эми биз менен Казакстанда бул көйгөйдү жаратып келатат. Орус тилин билбегендер бир жери кем сыяктуу сезилет. Парламентте кыргыз тили күч алганы менен, бийлик тарапта орус тилин билбегендерге басым жасалбайт. Орусияда жогорку билим алган Аскар Акаев кыргыз тилинде эл сүйлөп, ал эми бийликтегилер орус тилинде сүйлөшүү үчүн орус тилин официалдуу кылып мыйзам түрүндө бекиткен.

Роза Отунбаеванын мөөнөтү аз болгондуктан кыргыз тилине көңүл бөлө турган убакыт болгон жок. Бирок үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда кыргыздын улуттук элечегин кийип келип, чет элдиктердин суктануусуна ээ болгон.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда кыргыз тили өгөйлөнүп, кыргыз тили көп жылдар боюу кагаз жүзүндө гана мамлекеттик аталып, ал эми президенттик жана мэрди шайлоолордо Кыргыз тил боюнча комиссия түзүлгөнү менен бийликтин жетегинде калып, кыргыз тилин билбеген кейбирлерди деле талапкер катары өткөрүп турган. Орустар менен бирге өскөн Алмазбек Атамбаевдин да үй-бүлөсү, айлана –чөйрөсү орус тилине басым жасап, кыргыз тили таштанды катары унутта калган.

Сооронбай Жээнбеков президент болгону кыргыз тилине колдоолор көрсөтүлүп турду. Көпчүлүк президенттик жыйындар, чет өлкөлүк лидерлер менен сүйлөшүүлөр мамлекеттик кыргыз тилинде өтө баштады. Бийликтегилер президенттин кыргыз тилинде сүйлөшөрүн билип, кыргыз тилинде таза сүйлөөгө аракет кыла башташкан. Кызмат керек экен кыргыз тилин таптакыр билбегендер кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышып, тез аранын ичинде үйрөнүп чыкканы жакшы жөрөлгө. Кыргыз тили эми гана мамлекеттик тил даражасына көтөрүлүп баратканда артты көздөй кетпесек экен деген тилек.

Эми дүйнөгө келели. Молдованын Конституциялык соту орус тилине улут аралык тил деп макам берген чечимди Башмыйзамга каршы келет деп тапты. Мындай арыз менен үч оппозициячыл депутат сотко кайрылган. Алар бул документ көпчүлүк жарандардын укуктарын бузуп, мамлекеттик тилдин ролун төмөндөттү деп жүйө келтирген. Конституциялык соттун төрайымы Домника Маноле «бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт»- деп билдирди. Конституциялык сот Молдаванын парламенти орус тилине өзгөчө макам бергени өлкөдөгү башка улуттук азчылыктардын тилине карата укугун бузарын белгилеген. Молдовада парламент былтыр декабрда өлкө аймагында орус тилине «улут аралык баарлашуу тили» деген расмий макам берген мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү. Мыйзамга кызматтан кеткен орусиячыл президент Игорь Додон мөөнөтү бүтүп жатканда кол коюп кеткен. Шайлоонун экинчи айлампасында Мая Санду жеңип чыгып, кызматка киришкен. Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду Батыш өлкөлөрү менен жакын мамиле курууну көздөйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости