www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-февралда УКМКнын имаратынын алдынам «Бүтүн Кыргызстан» партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышына нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты.

Чогулгандардын айтымында, Ураимов мыйзамсыз кармалган, себеби ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз болууда.

Эске салсак, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости