www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кармаган Мирлан Ураимов тууралуу эмне белгилүү?

Кечээ, 9-февралда УКМК Мирлан Ураимовду кармаганын билдирди. Ураимов бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган деп айыпталууда. Ураимов - «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү.

Интернеттеги маалыматка караганда, 1985-жылы 12-августта төрөлгөн. Орозайым Нарматова депутат болуп турган кезде анын жардамчысы болчу. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматка таянсак, 2021-жылдын апрель айынын соңунда Өзгөн районунун тургундарынын жыйналышында координатор болгон.

Ал учурда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга берилери айтылып, талаш-тартыш жаралган. Ураимов 2020-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Москва шаарындагы өкүлү болчу.

2020-жылдын башында «Укугум бар» кыймылынын өкүлү экени айтылган. Ал мигранттарга укутары тууралуу айтып берип, аларды шайлоого катышууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алектенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости