www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Унаа жана байланыш министрлиги Сокулук районундагы жолдун курулушу боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин Новопавловка айылында айланма жол мүрзөнүн дал үстүнө салынышы мүмкүн экени боюнча маалымат тараган. Сокулук районунун жетекчисинин атына жолдонгон кат да жарыяланган.

Бишкек-Ош жолунун башкы дирекциясы Сокулук райондук администрациясынын атына чындап эле кат жолдонгонун ырастады. Анда төмөнкү жагдайлар боюнча маалымат берүү өтүнүчү жазылганы белгиленди:

1. Курулуш аймагына туура келип жаткан төрт жеке курулуш жана мүрзөнү жолдун түштүк жагы менен айланып өткөн Корсаков көчөсү боюнча;

2. Долбоорду өзгөртүү маселеси да каралууда. Тагыраагы, жолду мүрзөнү айланбастан куруп, ал жердеги сөөктөрдү башка жакка өчүрүп, көмүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү.

"2022-жылы Профсоюзная, Кустанай көчөлөрүнөн түндүк айланма жолго чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштерин улантуу пландалууда. Буга байланыштуу жол куруу үчүн жогоруда айтылган варианттар каралган", — дешти башкы дирекциядан.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, дирекция бул участок мүрзө жана жеке курулуш жайгашкан жерде болгондуктан өзүн өзү башкаруу боюнча жергиликтүү органдын позициясын билгиси келген. Себеби жергиликтүү орган менен долбоорду макулдашуу керек.

"Анткен менен жергиликтүү орган катка жооп берген жок. Учурда Новопавловканын айыл өкмөтү калкка курулушу мүмкүн болгон жолдун аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштар, турак үйлөр, мыйзамсыз сатылган жер участоктору жана мүрзөлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — дешти министрликтен.

Ошондой эле башкы дирекция бул участокко курула турчу жолдун акыркы долбоорун кабыл ала электиги белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости