www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын окуу жайларында билим алган Индиядан келген студенттердин саны азайып, Пакистандыкы көбөйдү.

Бишкектеги маалымат жыйында социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Кошматованын айтымында, Кыргызстандын ЖОЖдорунда өткөн окуу жылында 83 миң чет элдик студент билим алган. Ал жалпы студенттердин 35 пайызын түзөт.

“КМШ өлкөлөрүнүн студенттери акыркы беш жылда 8 миңден 59 миңге чейин көбөйдү. Башкача айтканда, 8 эсе өстү. Ал эми КМШдан башка өлкөлөрдөн келген студенттердин саны акыркы беш жылда 9 миңден 24 миңге чейин жетти.

Ошол эле учурда индиялык студенттердин саны 77 пайыздан 61 пайызга төмөндөп кетсе, Пакистандан келген студенттердин саны 6 пайыздан 32 пайызга жогорулады”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости