www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылдан-жылга электрэнергиясына болгон тартыштык өсүп бара жатат. Парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков 2013-жылы Орусиянын “Газпрому” менен түзүлгөн келишим тууралуу кайытып өттү. Ал мезгилде 2030-жылга чейин мамлекетти газдаштырабыз дегендер бүгүн каякта? Шаардын айланасында бир-аз жер газдашып жатканы, ал эми аймактарда бул иш кыбырап да койбогону тууралуу кеп салды. Талас облусунда Аманбаев айылында 680 абоненти газ станциясы бар, эгер 100 чакырым жылса Таласка деле газкуурун жеткирсе болорун айтып кетти.
Акыркы мезгилде газ жана суу маселеси биздин мамлекетте түйүндүү көйгөйлөргө айланды. Анткени,биздин “Кыргызгазды” 2013-жылы апрелде “Газпром” сатып алып, ортодо 2014-жылдагы Украинадагы чыр-чатак бир топ экономикалык өзгөрүштөргө алып барды. Держава укугунан пайдаланган Орусиянын “Газпрому” Украинага каршы газын тегиз өчүрүп, орустардан газ алган Европа да “Түндүк агым” менен “Түштүк агымды”, Белорусияны карап калгандай. Мындай ири экономикалык багыттарда жүргөн “Газпром” үчүн, биздин мамлекеттин ашыналар менен тирешип турушу көңүлгө алынбай калган сыяктуу. Бирок, бизге да газ керек, муну “Газпром” чече алабы?
Чындыгы азыр дүйнөлүк ал-ахыбал оор абалда турат. Акыркы мезгилде Украинадагы чыр-чатактар Орусияны да мурунку жетишкен экономикалык ийгиликтеринен алыстатып, жакында Украинага “Газпром” газды жаап коюуга аргасыз болушту. Эми Украинага “бир тамчы” газ да өтпөй калды. Украина Европага кеткен газдын “көпүрөсү” катары гана милдетти аткарып, ошондон пайда таап келишкен. Ал жердеги 2014-жылдагы революция ишти “теңирден тескери” айлантты. Алгач Украинадан тарыхий Крым аймагын алган соң, Орусияны дүйнөлүк державалар экономикалык кысымга алышып, Европадагы анын таасирин азайтууга аракет кылышкан. Украинага Петр Порошенко президент болуп шайлангыча, анын түштүк-чыгышы аракетке кирип, Донецк жана Луганск облустары өз алдынча республика болоорун билгизип референдум өткөзүп жиберишкен. Эгерде Крым облусун Никита Хрушев 1954-жылы Украинанын Орусияга кошулушунун 300 жылдыгына белекке берсе, Украинанын түштүк-чыгышын Владимир Ленин граждандык согуш учурунда эле, мындайча айтканда 1918-1920-жылдары эле, Орусиядан алып Украинага берип койгон.
Япониядагы аймактар Орусиянын жүрөгүндөгү эски карттар сыяктуу, орус улутчулдарынын символуна айланган. Эмне үчүн Япония канча жылдан бери акактап сурап жаткан Кунашир, Итимур жана башка аралдарды Орусия 1945-жылы жеңип алгандыгы үчүн, аларга карматкан жок. Ошондуктан, Япония да орус мамлекетин дүйнөлүк державалардын арасында көп сүйө бербейт. Деги эле Орусия көптөгөн мамлекеттер менен чектешип, алардын көпчүлүгү Орусияга оң мамиледе эмес. Мисалы: Польша менен Финляндия Октябрь революциясына чейин Орусия империясынын карамагында болуп келген. Аларга эркиндикти Брест тынчтык келишими берген. Поляктар менен финндер орустарга каршы канча курал кармабады, бирок алардын жеңилиши менен аяктады. Порт-Артурду алалы, ал үчүн да Орусия туруп берген, акыры Кытайга өтүп, Мао-Цзе-Дундун заманында кытай бийлиги СССРге жарыяланбаган согуш ачып жеңилип келген. Кытай Орусия эгемендүүлүгүн алгыча тирешип турса, азыр Евразияда ШКУ саммитин түзүп, НАТОго “тишин көрсөтүп” турат. Кытай менен достошуу учурунда биздин Үзөңгү-Кууш аймагы да “жертвага” чалынып, Акаев 70 пайыз жерибизди Кытайга карматкан.
“Газпром” Украинанын көкөйүн кесип, бизге качан көңүл бурат? Кыйыр байланыш болсо да “Газпром” ишканасында көкөйдү кескен маселелер турат. “Газпром” бир топ убакыт чоюп, ратификацияланышып 2013-жылы апрель айында гана “Кыргызгазды” 1 долларга өзүнө кошуп алган. Ошондон соң газ маселесин биздин мамлекетте “Газпром” чечиши керек. Украинадагы бир топ чатактар жана Орусия мамлекети газ проводдорун Кытай тарапка буруусу дүйнөлүк деңгээлде маселеге айланды. Ал эми биздин мамлекетти толук газ менен камсыздандырышы үчүн “Газпром” өзүнө алгандыр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg