www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жаратман коом" долбоору дүйнө жүзү боюнча ишке ашып келе жатат. Максаты дүйнөлүк катастрофалардын алдын алуу жана адамдардын жашоосун сактап калуу. Бул тууралуу "Жаратман коом" дүйнөлүк долбоорунун ыктыярчысы Саадат Мырзабекова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында "Жаратман коомдо" азыркы керектөө форматындагыдай финансылык кызыкчылык эмес, ар бир адамдын жашоосу негизги баалуулук болуп саналат.

Бийлик бүгүнкүдөй чыр-чатактарга, согуштарга, кризистерге жана башкаларга алып келип жаткан бир адамдын же бир нече адамдардын тобунун колуна топтолбостон, адамдарга таандык болот.

"Жаратман Коом" долбоору бүткүл дүйнөнүн карапайым адамдары тарабынан негизделген. Бул платформа бүткүл адамзатты социалдык абалына, динине, улутуна же башка бөлүүчү факторлоруна карабастан, бириктирүү үчүн түзүлгөн.

"Цивилизациябызды сактап калуу үчүн, өнүгүү векторун керектөөчүдөн Жаратмандык векторго өзгөртүү менен, адам жашоосу бүткүл планета боюнча эң жогорку артыкчылык болуп саналуучу жалпы максат үчүн бириктик", - деди Саадат Мырзабекова.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар: 

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости