www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагында президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын видеосу тарады.

Анда мамлекет башчысы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин стадионду кантип басып өткөнү көрсөтүлгөн. Жыйынга келген жергиликтүү тургундардын бири Садыр Жапаровго конверт тапшырган. Муну байкаган ал токтоп, кагазды алып, жардамчысына сунган.

Социалдык тармактарда ал конвертте эмне бар жана аял эмнени сураганын талкуулап жатышат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, чындап эле облуска болгон иш сапарында жарандардын кайрылуулары Садыр Жапаровго тапшырылган. Алар каралып, анан жооп берилет.

«Өлкө башчынын аймактарга болгон иш сапарларында эл ар кандай суроолор менен кат жазышат. Албетте, алардын баары каралат жана сөзсүз түрдө жооп алышат», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости