www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бул мыйзам долбоору 20 жылга артка кайтарып сала турган мыйзам болду”, - деп жазды саясатчы Садык Шер-Нияз бүгүн, 18-ноябрда өзүнүн Facebook баракчасына.
“Бул бизге сунушталып жаткан негизги мыйзам да. Окуп чыгып мындан улам менде бул долбоорго кол койгон депутаттар өздөрү түшүнбөй калдыбы деген ой калтырды. Ушул мыйзам долбоорун көрсөтпөстөн эле депутаттардан кол коюп берүүсүн сурануулар болуп жатат деп уккам. Ошонун чын экенине эми ынанып отурам. Бул мыйзам долбоору бизди 20 жыл 30 жылга артка кайтарат. Анткени бул конституцияда көптөгөн механизмдер, мында президенттин диктатурасы. Себеби, анда бири-бирине карама-каршы келген нормалар көп. Мисалы, Жогорку Кеңешти эл шайлап жатса, эмне үчүн анын үстүнөн дагы бир орган болушу керек. Мыйзам долбоору боюнча бардык бийлик президенттин гана колуна топтолот. Сот боюнча эч нерсе жок, соттор ушул эле бойдон иштесе Кыргызстанда таптакыр акыйкаттык болбойт. Демек, бизде президент сот дагы болот, мыйзам чыгаруу бийлигине үстөмдүк кылат, бардык тараптан бийликти алат. Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү”, – деди Садык Шер-Нияз.
Булак: NazarNews.kg