www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-ноябрь күнү кечинде Кыргыз Республикасынын конституциясынын түзөтүү маалыматтары боюнча мурдагы депутат Садык Шер-Нияз өз пикирин билдирди. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу социалдык баракчасынан түз эфир аркылуу чагылдырды.

“Бул бизге сунушталып жаткан негизги мыйзам болгондуктан менин оюмча , ар бир жаран карап чыкты деп ойлойм. Мага ушундай таасир калтырды, менин оюмча ушул депутаттар эмнеге кол коюп жаткандыгын өздөрү билбей калдыбы деген суроо жаралды. Анан  көптөгөн депутаттарга конституциянын долбоорун бербей эле, кол кой деп сураныч түшүп жаткан деген сөзгө мына эми так ишендим”, – деп билдирди ал.

Садык Шер-Нияздын толук сүйлөгөн сөзүн төмөндөгү видеодон көрсөнүздөр болот:

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ошондой эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген. Депутаттар жаңы Конституция боюнча референдумду президенттик шайлоо менен бирге 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости