www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Түркия Садыр Жапаровго  профессор наамын тапшырды

Түркиянын Экономика жана технология университети президент Садыр Жапаровго Эл аралык мамилер боюнча профессор наамын тапшырат. Бул тууралуу Бишкек эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары уланууда.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 8 документке кол коюшту.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышат, ага Кыргызстандан 60 ишкер барган.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости