www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 23-октябрдын кечи Москвада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын концерти мыкты деңгээлде болуп өттү.
Аталган концерт Кремль сарайында болуп, көрүүчүлөр сахнага толгон. Учурда аталган концерт социалдык тармактарда каттуу талкуу жаратып, Самара Каримовага ыраазычылыгын билдирүүдө.
Концертте кыргыз көрүүчүлөр тарабынан эрежени бузгандар да болду. Эске сала кетсек, Ибрагим Жунусовдун калемине таандык «Эламан» деген ыр сахнада жаңырганда, кыргыз көрүүчүлөрү сахнага чыгып, селфи түшө баштаган.
Белгилей кетсек, чет өлкөлөрдө концерт учурунда топтолуп сахнага чыгып кеткен учурлар болгон эмес. Ырчыны сыйлаган учурда ордунан туруп кол чаап гана коюшкан.
Москвадагы кыргыздар эрежени сактап коюшса жакшы болмок беле, чоң атасы жорго чаптырып той кылып жатса анда башка кеп эле...
Баса, Самара Каримовага кеп жок!
Булак: NazarNews.kg