www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн уюштурулган акысыз балдар лагери иштеп жаткан саунанын имаратына жайгаштырылган.

Балдардын ата-энелери кабарлагандай, лагерь Алматы облусундагы Узынагаш айылында жайгашкан. Ал жерге барган ата-энелер жашоого ылайыкташпаган бир нече имаратты жана алардын ичине жыш коюлган эки кабаттуу темир керебеттерди көрүшкөн.

"Биз балдарыбызга келгенбиз. Алар кайда уктап жатканын билесиңерби? Бул жер компьютердик клуб, сауна, кафе экен. Мындай кылган болбойт да!", – деген телефонго тартылган видеодо сүйлөгөн апалардын бири.

Ал сауна иштеп жатканын, алар барганда имаратта жарым жылаңач кишилер жүргөнүн кошумчалаган.

Видеодо айрым балдар жерде уктап жатканын да көрүүгө болот. Мындай сын-пикирге жооп берген лагердин кызматкери "бөлмөлөр ысык болгондуктан, балдар өздөрү жерге жатууну суранышканын" айткан.

Ата-энелердин бул видеосунан кийин Алматы облустук билим берүү башкармалыгы балдарды лагерге жайгаштыруу боюнча өткөн тендерде жеңүүчү деп табылган компаниянын ишмердүүлүгүн териштире баштаган.

Маалыматка караганда, мамлекет 1,5 миң окуучунун жайкы эс алуусу үчүн 247 миң доллар каражат бөлгөн. Бирок аткаминерлер акча кайда кеткенин жана лагердин абалы кандай экенин текшерген эмес. Акчаны алган компания тендерде башка жерде жайгашкан балдардын саламаттыгын чыңдоо лагеринин аталышын пайдаланган.

Тендерди уткан компания эс алуу үйүн ижарага алып, анын биринчи кабатын балдар менен кыздарга бөлүп иштетмектиги, бирок имараттын ээси мындай макулдашуудан баш тартып койгону кабарланууда. Бирок ата-энелер лагердин директору менен имараттын ээси бир эле киши экенин билдирүүдө.

Алматы облустук билим берүү башкармалыгы "аталган компания менен келишимди жокко чыгаруу маселеси каралып жатканын" билдирди. "Балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Жакынкы убакта алар башка лагерлерге жайгаштырылат. Бул жолкусунда мектеп окуучуларынын жайгашуу эрежелеринин сакталышы катуу талап кылынат", – деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Tengrinews.kz басылмасынын маалыматына караганда, Алматы облустук прокуратурасы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Жашы жете элек балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости