www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамурза Бөрүкулов Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына Убактылуу Өкмөттүн жана Ата Мекен партиясынын "былыктары" тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдер Кадыржан Батыровду кыргыздарга карай "алакүш" салышып, жанына Текебаевдин маркум иниси Асылбек Текебаевди жана Жалал - Абаддын ошол кездеги губернатору Бектур Асановду байлап беришкен. Антишпесе Кадыржан Батыров деле оңой адам болбогон, куру эле сөзгө ал деле ишенип өлө турган эшектерден эмес эле. Албетте, жанына "целый" губернаторду жана Текебаевдей адамдын бир тууган үкеси "залог" катары турса, Батыров өзбек туугандарды көтөрбөй жаны жокпу, “тем более” Ошту автономный облус кылып, ага башкартып жатышса. Ал эми Асылбек Текебаев Ата Мекендин колдоруна кызыл "повязка" тагынган желдеттерин баштап Кадыржан Батыровду колдоп, калкалап жүрүшкөн. Тейиттеги Бакиевдин үйүн кантип  өрттөшкөнүн төмөндө аялдар болгонун болгондой айтып жатышат, себеби булар Бакиевдин атасынын жанында жашашкан кудай коңшулары, булар эч качан оюнан чыгарышып айтышпайт.

Видеодон алардын айткандарына түшүнбөгөндөргө түшүнүктүү болсун үчүн жазып эле коеюн:

"Ата Мекендин балдары Кадыржан Батыров болуп келишти. Ата Мекендин колдоруна кызыл "повязка" таккан балдары үйдү курчап, эч кимди киргизбей коруп турушту. Үйдүн ичиндеги бардык буюмду, микровалновкаларына чейин, а түгүл тайган иттерине чейин алып чыгышып, андан соң үйгө гранаталарды ыргытышап өрттөп салышты. Үйдүн жанында орнотулган кыргыз үй бар эле, аны да үстүндө желбиреп турган кыргыз туусу менен кошо өрттөштү" деп жатышат. Түндүктө жатышып алып, түштүктөгү бир боор кыргызыңарды күнөөлөгөн, “сарт” деген, маскаралаган, а түгүл согушту Убактылуу Өкмөт эмес, түштүктүн кыргыздары баштаган деп бизге күнөө койгон боордоштор, билип алгыла эч ким мындайды оюнан чыгарып айтпайт. Убактылуу Өкмөттүн бир да сөзү чындыктын чекесине да жолобойт. Силер аларды ээрчип, аларга ишенип өзүңөрдүн эле бир тууган кыргыздарыңарды кемсинткен, кордогон күнүңөр көп болду. Суроо, ошол үйдү өрттөбөй эле, мамлекетке алып койсо болот беле? Жок, алар өздөрүнүн уурулугун, мародерлук иштерин жапкысы келишкен жана үдөсүнөн да чыгышты. Ата Мекенге бекеринен мародер  деген сөз жабышкан эмес да. Булары түштүктө мародерлук кылса, борборубуз Бишкектеги лидерлеринин кылган мародерлуктарын элестетип ала бергиле. Эң башкысы он жылдан бери ууру коррупционерди, бүлүндүргүч жылаңачты, мародерду, ыйманын жуткан жалганчыларды колдоп келесиңер. Ошон үчүн өлкөбүз байкуш болуп жарыбай келебиз, бул нерсеге түндүктүк бир туугандардын салымы өтө чоң, себеби алар трайбалистик сазга белчеңерден батып калгансыңар. Бул өтө коркунучтуу оору, себеби бир улутту тукум курут кылып сала турган оору. Эң өкүнүчтүүсү бул оору менен эл башкарган, эл тааныган белгилүү адамдар ооруп жүрөт. Мисалы: Сариевдин "президент только Чүйдөн болуш керек" деп тантыраганы. Акыл - эсиңер барында бул оорудан арылгыла, Кыргызстаныбызды сактап калалы",- деп жазды Шамурза Бөрүкулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости