www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан 2010-жылдагы окуя тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Өткүрбек азамат. Журналист деген мына ушул жигиттей болуш керек: акты ак, караны кара деген. Окуяны кандайча баяндап жатканынан, өзүн алып туруусунан, сүйлөө маданиятынан кристалдай таза журналист экени көрүнүп турат. Али, Ыдырыс, Болотторго окшогон Атамбаевдин крысалары Өткүрбектин жанында ушакчы катындардан айырмасы жок болуп калат.
Өткүрбек акыйкатты болгонун болгондой айтып жатат. Убактылуу Өкмөттүн шакалдары Ташиевди, Келдибековду, Садыр Жапаровду эмне үчүн бийликке, парламентке жолотпой куугунтуктап келишет. Анын бир эле себеби бар: 7-апрелдеги, түштүк тополоңундагы былыктары, жок "былыктар" деген сөз жумшак болуп калат, кылмыштары ачылып калат деп коркушат. 2010 жылы Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев, Бекназаровдор өздөрүнүн гана эмес, келечектеги укум- тукумдарынын өмүрлөрүнүн аягына жетип арта турган кылмыштарды кылышкан. Башка мүчөлөрү деле таптаза эмес. Союздун убагы болгондо бул беш эл бузар “без суда, без следствия” атууга кетмек. Кытайдын мыйзамы менен соттой турган болсок, булардын үй бүлөсү, бала чакасы, урук тууганынан бери өлүм жазасына тартылмак. Аттиң, кудай бизди ошондой “удовольствиеден” куру жалак койгону өкүндүрөт. Буларга боор ачуу деген сезим бизде болбош керек, андай болсо биз да ушулардын катарынан орун алып калабыз. Булар адамдын уругу эмес, ушуну эстен чыгарбайлы.
Өлкөдө тынчтык орносун, өнүксүн, 2010 - жылдагы кылмыштар акыйкат тапсын десек Атамбаевдин убагында куугунтук жегендерди: Ташиев, Келдибеков, Садыр Жапаров жана башка Ата Журттун азаматтарын толугу менен парламентке шайлап, алып келишибиз керек. Албетте, буларды жугундукор трайбалисттер (знаете, кого я имею в виду) өлсө да шайлабайт. Бирок Убактылуу Өкмөттүн шүмшүктөрүнөн азап тарткандар өлкөдө миллиондоп саналат. Ушул сапар адашпайлы, балдарыбыздын келечегин ойлойлу”,-деп жазды Шамурза Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости