www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан кайсы тарапта экенин айтты. Видеону Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов жарыялады.

“Азыр абдан оор заман, чоң мамлекеттер: “Өзбекстан, сен кайсы тараптасың? Бейтарап болууну токтоткула, тиги тарапка же тиги тарапка өтүп кеткиле". Бул тууралуу алар өтө чечкиндүү айтып жатышат. Өздөрү да айтып жатышат, өкүлдөрү да ушуга чакырууда: "Бизге Өзбекстан Борбор Азияга керек. Калктын саны 36 миллионго жетти, үч-төрт жылдан кийин 40 миллионго жетет”. Алар сурашат: "Сиз ким тараптасыз?", "Мындай татаал суроого кантип жооп бериш керек?" — деп сурады Мирзиёев.

“Бир гана жооп бар: мен бир тараптамын, улутум, элим, улуу Өзбекстандын кызыкчылыгы үчүн жан берүүгө даярмын”, - деп дароо билдирди Өзбекстандын президенти.

Өзбекстанды тигил же бул тарапты тандоону кайсы мамлекеттер сурап жатканын Мирзиёев тактаган жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости